Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын
III кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 3/2
13-апрель 2026-жыл Жан-Булак айылы
Жан-Булак айылындагы кичи футболдук аянтчага Моношов Садырбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, “Географиялык объекттерге аталыштарды ыйгаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К. Токторалиевдин маркум Моношов Садырбек жубайы Тагаева Сырга тарабынан берилген жазуу жүзүндөгү кайрылуусун карап чыгып, Жан-Булак айылдык кеңеши Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXIX чакырылышынын III кезектүү сессиясынын токтом кылат:
- Жан-Булак айылындагы муниципалдык менчиктеги кичи футболдук аянтчага дене тарбия мугалими катары жаш муундарды тарбиялоого кошкон зор салымын, футбол спортун өнүктүрүүдөгү өзгөчө эмгегин эске алуу менен маркум Моношов Садырбектин ысымы ыйгарууга макулдук берилсин.
- Аталган объектке “Моношов Садырбек атындагы кичи футболдук аянтча” деген расмий аталыш бекитилсин.
- Футболдук аянтчанын аталышын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, анын ичинде мамлекеттик тил жөнүндө жана географиялык объекттерге ат коюу тартибин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга ылайык жазуу (дайындоо жана орнотуу) милдети Моношов Садырбектин жубайы Тагаева Сыргага жана балдарына жүктөлсүн.
- Бул токтомго ылайык иш алып баруу жагы Жан-Булак айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Токторалиевге тапшырылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жан-Булак айылдык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, жаштар, спорт, саламаттыкты сактоо, регламент, депутаттык этика, мандат, сыйлыктар, мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым А.Өзгөрүшова
