Үркүн – тарыхтын өчпөс сабагы

 Үркүн – тарыхтын өчпөс сабагы

Жан-Булак айыл өкмөтүндө 1916-жылдагы Үркүн окуясынын 110 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – кыргыз элинин тарыхындагы эң кайгылуу окуялардын бири болгон Үркүндү эскерүү, курман болгондордун арбагына таазим кылуу, ошондой эле жаш муундарга тарыхый чындыкты жеткирүү жана мекенчилдик сезимди калыптандыруу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Үркүн окуясынын тарыхый мааниси тууралуу баяндамалар окулуп, маданият кызматкерлери тарабынан ошол мезгилди чагылдырган тарыхый видео-слайддар көрсөтүлдү. Жан-Булак айылдык китепканасы тарабынан «Үркүн – эл эсиндеги өчпөс тарых» аталышындагы китеп көргөзмөсү уюштурулуп, «Үркүн – кыргыз элинин тарыхындагы оор окуя» аттуу баяндама окулду.

Ошондой эле ардагер педагог Серкебекова Бүбүкан эжей Үркүн окуясынын келип чыгуу себептери, анын кыргыз элине тийгизген оор кесепеттери жана тарыхый мааниси тууралуу кеңири маалымат берип, катышуучуларды тарыхты урматтоого, өткөндөн сабак алып, элибиздин ынтымагын жана биримдигин бекемдөөгө чакырды.

Бул эскерүү иш-чарасы ата-бабаларыбыздын башынан өткөн кайгылуу тарыхты унутпай, улуттук эс-тутумду сактоонун, эгемендүүлүктүн жана тынчтыктын кадырын баалоонун маанисин дагы бир жолу айгинеледи.

Leave a Reply