🎊🎊🎊 ЖАН -БУЛАК АЙЫЛДЫК КИТЕПКАНАСЫНДА ЖАЙКЫ ЛАГЕРЬ УЮШТУРУЛДУ 🎊🎊🎊

Жан-Булак айылдык китепканасынын жетекчиси тарабынан «Жайкы эс алууну китеп окуп пайдалуу жана кызыктуу өткөрөбүз» аталышындагы жайкы лагерь өткөрүлүп, ага 3 жаштан 13 жашка чейинки окурмандар активдүү катышышты.

Лагердин алкагында «Кыргыз эл жомоктору – тарбиянын башаты» аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулуп, кыргыз эл жомокторунун тарбиялык мааниси тууралуу баяндама окулду. Балдарга «Өнөрлүү өлбөйт» жана «Акылдуу бала» жомоктору көркөм окулуп, кызыктуу суроо-жооп жана пикир алышуу өткөрүлдү.

Ошондой эле «Менин жайкы каникулум» темасында сүрөт тартуу уюштурулуп, жаш окурмандар өз чыгармачылыгын тартуулашты.

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужол жарлыгынын алкагында улуттук кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класс өткөрүлүп, балдар жүндөн мончок жасап, жиптен кооз буюмдарды даярдашты. Жүндөн ала кийиз жасоонун ыкмалары көрсөтүлүп, анын пайдалуу касиеттери тууралуу маалымат берилди.

Мындан сырткары ачык асман алдында «Ак терек – көк терек», «Жоолук таштамай», эстафета, кол күрөш, аркан тартыш, упай жана бешик сыяктуу улуттук оюндар ойнотулуп, балдар көңүлдүү эс алышты.

Лагердин соңунда «Макал айтам – үйгө кайтам» аттуу тарбиялык бөлүк өткөрүлүп, окурмандар кыргыз элинин накыл сөздөрүн жана макал-лакаптарын айтып, элибиздин бай руханий мурасын даңазалашты.

📖 Бул жайкы лагерь балдардын китепке болгон кызыгуусун арттырууга, улуттук баалуулуктарды аздектөөгө, чыгармачылыгын өнүктүрүүгө жана жайкы эс алуусун пайдалуу өткөрүүгө өбөлгө болду.

Leave a Reply