ЖАН-БУЛАКТА ТАЗАЛЫК ҮЧҮН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК
Жан-Булак айыл аймагында тазалыкты сактоо, санитардык абалды жакшыртуу жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында иштер улантылууда.
Элдик жыйында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн эл менен жолугушуусунда тургундар тарабынан көтөрүлгөн маанилүү маселелердин бири — тиричилик таштандыларын өз убагында чогултуу жана ташып чыгаруу маселеси болгон.
Бул маселени чечүү максатында Жан-Булак айыл аймагына атайын оор техника — мусоровоз алуу зарылдыгы жаралган.
Жыйынтыгында Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунун колдоосу жана жергиликтүү бюджеттин өздүк салымы менен 2026-жылы чыгарылган жаңы, 18 кубдук, 12 тонналык мусоровоз алынып келинди. 
Жаңы техниканын ишке кириши менен таштандыларды өз убагында чогултуу жана ташып чыгаруу иши жакшыртылып, айылдарыбыздын тазалыгын сактоого жана санитардык-экологиялык абалды жакшыртууга жакшы шарт түзүлөт. 
