Карга жана Сере жайлоолорунда эмгектенип жаткан чабандарга «Жайлоо төрүндөгү — шаңдуу кече» аттуу маданий-эс алуу иш-чарасы уюштурулду.

ЭЛ КЫЗМАТЫНДА — ЖАЙЛООДО» 🌿
Жан-Булак айыл өкмөтү, «Эдельвейс» муниципалдык ишканасы, ФАП кызматкерлери жана маданият кызматкерлери тарабынан
Учурда Жан-Булак жана Достук айылдарынан жайлоого жалпысынан 18 түтүн үй-бүлө чыгып, элдин малын багып, мал чарбачылыгы менен алектенип жатышат. Татаал шартта эмгектенип, элдин малын аман-эсен багып жаткан чабандарга аз да болсо күнүмдүк түйшүктөн алыстап, көңүл ачып, эс алууга шарт түзүлдү.
🎶 Ж.Ишеналиев жана Достук айылдык клубдарынын башчылары жана уюштуруучулары тарабынан атайын даярдалган чакан концерттик программа тартууланып, ыр-бийлер менен коштолду. Тоо койнунда кыргыздын музыкасы жаңырып, жайлоо төрү шаңга бөлөндү.
🏥 Иш-чаранын алкагында ФАП кызматкерлери тарабынан чабандар жана жайлоодо жүргөн тургундардын ден соолугу текшерилип, кан басымдары өлчөндү. Ошондой эле 18 жаштан жогорку жарандарга кызамыкка каршы эмдөө жүргүзүлүп, оорулардын алдын алуу жана ден соолукту сактоо боюнча түшүндүрүү иштери берилди.
🏹 Көңүлдүү кечеде аркан тартыш, кол күрөш, эр эңиш сыяктуу улуттук оюндар уюштурулуп, катышуучулар активдүү катышышты. Чабандарга атайын даярдалып барылган белектер да тапшырылды. 🎁
📚 Иш-чаранын алкагында Жан-Булак айылдык китепканасы жана Ж.Шералиев атындагы Достук айылынын китепканасынын кызматкерлери тарабынан «Кыргызстан — жүрөгүмдөгү ыйык мекеним» аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду. Көргөзмөгө өлкөбүздүн тарыхы, эгемендүүлүгү, маданияты, каада-салты жана залкар инсандары тууралуу баалуу китептер коюлду.
🎤 Жан-Булак айылдык китепканасынын жетекчиси Ыдырыс кызы Самара тарабынан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган баяндама окулуп, эгемендүүлүктүн мааниси, өлкөбүздүн басып өткөн жолу, жетишкендиктери жана келечек муун алдындагы милдеттер тууралуу маалымат берилди.
🎶 Мындан сырткары, элдик таланттар өз өнөрлөрүн тартуулап, кыргыз элинин ырларын аткарып, руханий мурасыбыз болгон «Манас» жана «Курманбек» дастандарынан үзүндүлөрдү айтышты. Тоо койнунда жаңырган кыргыздын ыр-күүлөрү кечеге өзгөчө көрк берип, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.
🤝 Жайлоо — эмгектин, берекенин жана улуттук салттын мекени. Алыскы жайлоолордо талыкпай эмгектенип, элдин малын багып, айыл элинин ырыскы-берекесине салым кошуп жаткан чабандардын эмгеги ар дайым баалоого татыктуу.
🌿 Айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган бул жолугушуу чабандар менен жакындан баарлашып, алардын эмгегине ыраазычылык билдирүүгө, ден соолугуна кам көрүүгө жана бир күнгө болсо да көңүлдөрүн көтөрүүгө багытталды.
💐 Ак эмгеги менен элге кызмат кылып жаткан ар бир чабанга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк аманчылык, иштерине ийгилик жана жайлоодогу эмгегине мол береке каалайбыз!
Элдин эмгеги — элдин берекеси. Айыл өкмөтү ар дайым эл менен бирге!
🤝🌿

Leave a Reply