Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын
IV кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ № 4/1
24-апрель 2026-жыл Жан-Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагындагы ички жолдорду оңдоо үчүн атайын бөлүнгөн карьерден инерттик материалдарды (кум-шагыл) алууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамынын 35-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Жан-Булак айыл аймагындагы Госдорога – Жан-Булак унаа жолунун 0-2 чакырым аралыгын асфальттоо жана ички жолдорду иретке келтирүү максатында, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын IV кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Жан-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүү жана ички жолдорду оңдоо үчүн «Кара секи» участкасынан инерттик материалдарды (кум-шагыл) алууга уруксат берилсин.
- Белгиленген жумуштар үчүн зарыл болгон кум-шагылдын жалпы аянты 0,10 га деп бекитилсин.
- Кум-шагылды казып алуу, жүктөө жана ташуу иштерин жүргүзүү №8 Жол тейлөө ишканасына (ЖТИ-8) жүктөлсүн.
- Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына:
-Карьерден материалдарды алууда белгиленген чектерден (граница) чыкпоону жана техникалык коопсуздукту камсыз кылууну;
– Казып алынган материалдардын максаттуу (бир гана жол оңдоого) колдонулушун
катуу көзөмөлгө алуу тапшырылсын.
- №8 Жол тейлөө ишканасы карьерди иштетүүдө экологиялык ченемдерди сактоого жана казып алуу иштери аяктагандан кийин тилкени иретке келтирүүгө (рекультивациялоого) милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
- Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрайым А.Өзгөрүшова
