*ЖАН-БУЛАК АЙЫЛЫНДА СПОРТТУ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ДОЛБООР ИШКЕ АШЫРЫЛДЫ*

*ЖАН-БУЛАК АЙЫЛЫНДА СПОРТТУ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ДОЛБООР ИШКЕ АШЫРЫЛДЫ*
Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Токторалиев Кубанычбек Мукашовичтин демилгеси жана Ташболотов Алтынбек Апсалиевичтин колдоосу менен айыл тургундары үчүн заманбап спорттук шарттарды түзүүгө багытталган дагы бир маанилүү долбоор ийгиликтүү ишке ашты.
Нарын райондук өнүктүрүү фондунан Жан-Булак айыл аймагына бөлүнгөн каражаттын эсебинен Апсалиев Ташболот атындагы спорт комплексине жаңы спорттук инвентарлар жана заманбап машыгуу тренажёрлору сатылып алынып, мырзалар жана айымдар үчүн ылайыктуу заманбап машыгуу жабдуулары спорт залдарына жайгаштырылды.
Жаңы инвентарлар айыл тургундарынын, айрыкча жаштардын спорт менен үзгүлтүксүз машыгуусуна кеңири мүмкүнчүлүк түзүп, сергек жашоо образын жайылтууга жана ден соолукту чыңдоого өбөлгө болот. Ошондой эле улуу муундагы жарандардын ден соолугун колдоо максатында буттун кан айлануусун жакшыртуучу жана чарчоону басаңдатуучу атайын массажёрлор дагы бар.
Мындан сырткары, жаңы жабдуулар кыз-келиндердин ден соолугун чыңдоого, дене тарбия менен үзгүлтүксүз машыгууга жана сергек жашоо образын калыптандырууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.
Учурда бардык тренажёрлор пайдаланууга даяр. Спорт комплексинде эркектер жана айымдар үчүн өзүнчө машыгуу залдары уюштурулуп, спорт менен машыгууга бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
📢 Спорт комплексинин иштөө графиги жакынкы күндөрү бекитилип, кошумча маалымат расмий баракчалар аркылуу жарыяланат.
Жан-Булак айыл өкмөтү.
(

Leave a Reply