Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын
I кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 1/4
2-февраль 2026-жыл Жан-Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылдан 2026-жылга карата атайын каражаттан калган акча каражатын пайдалануу жɵнүндɵ
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2026-жылдын жыл башында атайын каражаттан калган акча каражатынын сметасын бекитүү боюнча Жан-Булак айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Токторалиев Кубанычбек Мукашовичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айылдык Кенешинин XXIX чакырылышынын I кезектүү сессиясы токтом кылат:
1.2026-жылга жыл башында калган калдыктын жалпы суммасы 4 608 000 (тɵрт миллион алты жүз сегиз мин ) сомго сметасы бекитилсин
2. 362 200 (үч жүз алтымыш эки мин эки жүз) сом башка кызматтарга
3. 70 000 (жетимиш мин ) сом Учурдагы чарбалык максаттар үчүн чыгашалар
4.600 000 ( алты жүз мин )сом каржылык эмес мамлекеттик ишканага субсидияга
5. 2 495 800 (эки миллион тɵрт жүз токсон беш мин сегиз жүз) сом стим гранттын ɵздүк салымына жана Достук айылдык клубдун айланасын тосууга
6.1 030 000 (бир миллин отуз мин )сом оюн аянтчаларына инвентарь алууга
7. 50 000 (элүү мин)сом оюн аятчаларды жашылдандырууга
Жалпы 4 608 000 (тɵрт миллион алты жүз сегиз мин ) сом
8.Жыл башында калган калдыктын сметасын киргизип берүү жагы КРФМ Нарын башкармалыгынан суралсын.
9.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵɵ алуу жагы айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Токторалиевге жана айыл ɵкмɵтүнүн ФЭБ бɵлүмүнүн башчысы Казыбек кызы Анарага милдеттендирилсин.
Тɵрайым А.Өзгɵрүшова
