Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын I кезектүү сессиясынын ТОКТОМУ № 1/5

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын         

I кезектүү  сессиясынын

ТОКТОМУ № 1/5

  2-февраль  2026-жыл                                                                                 Жан-Булак айылы                                                                

Жан-Булак  айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларын дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 36-39-беренесине ылайык, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын I кезектүү сессиясы токтом кылат :

 

  1. Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинде туруктуу комиссиялар тɵмɵндɵгүдɵй болуп бекитилсин :
  • Социалдык маселелер ( билим берүү, маданият, жаштар, спорт, саматтыкты сактоо , регламент, депутаттык этика, мандат, сыйлыктар, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча комиссиясы;
  • Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча комиссиясы;
  • Айыл чарбасы, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жер,муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча;
  1. Социалдык маселелер, билим берүү, маданият, жаштар, спорт, саматтыкты сактоо регламент, депутаттык этика, мандат, сыйлыктар, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча комиссиянын курамы;
  • Кубат уулу Абай – комиссиянын төрагасы
  • Жээнбек кызы Гулзат – мүчөсү
  • Эркинбек уулу Дастан – мүчөсү

 

  1. Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча комиссиянын курамы;
  • Кумарбекова Бегимай Кумарбековна – комиссиянын төрайымы
  • Осмонова Бүбүсабида – комиссиянын мүчɵсү
  • Ормокеев Болотбек Рыскулович – мүчөсү
  1. Айыл чарбасы, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жер,муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча комиссиянын курамы;
  • Абыкеев Элдияр Рысбаевич – комиссиянын төрагасы
  • Калдеев Нурбек Мукашович – мүчөсү
  • Абдыбек уулу Кенжебек- мүчөсү
  1. Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссияларга чоң жоопкерчилик жүктөлгөндүгү белгиленсин.
  2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, jan-bulak.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрайым                                                                                                       А. Өзгөрүшова

 

 

 

 

 

 

Leave a Reply