Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын          I кезектүү  сессиясынын ТОКТОМУ № 1/3

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын         

I кезектүү  сессиясынын

ТОКТОМУ № 1/3

  2-февраль  2026-жыл                                                                                                    Жан-Булак айылы                                                                

​Жан-Булак айыл аймагынын 2026-жылга жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча планды бекитүү жөнүндө

​        Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле  Айыл чарбасы, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жер,муниципалдык менчик,   архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын корутундуларын угуп жана талкуулап чыгып Жан-Булак айыл аймагынын  айылдык Кенешинин  XXIX чакырылышынын I кезектүү сессиясы токтом кылат:

1.​2026-жылга  Жан-Булак  айыл аймагынын жайыттарын башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

​2.Жан-Булак  айыл өкмөтүнүн башчысы 2026-жылга  Жан-Булак айыл  айыл аймагынын жайыттарын башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча бекитилген планды ишке ашырууну камсыз кылсын жана жылдын жыйынтыгы боюнча анын аткарылышы жөнүндө маалымат даярдасын.

3.Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, www.jan-bulak.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

​5.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Айыл чарбасы, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жер,муниципалдык менчик,   архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча комиссиянын маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                             А.Өзгөрүшова

 

Leave a Reply