Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын          I кезектүү  сессиясынын  ТОКТОМУ № 1/2

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын         

I кезектүү  сессиясынын 

ТОКТОМУ № 1/2

  2-февраль  2026-жыл                                                                                             Жан-Булак айылы      

      

Жан-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылдан 2026-жылга карата атайын  каражаттан калган   акча каражатын пайдалануу жɵнүндɵ

 

Жан-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн  2026-жылдын жыл башында атайын каражаттан калган акча каражатынын сметасын бекитүү  боюнча  Жан-Булак айыл ɵкмɵтүнүн  башчысы Токторалиев Кубанычбек Мукашовичтин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айылдык Кенешинин  XXIX чакырылышынын I кезектүү сессиясы токтом кылат:

1.2026-жылга  жыл башында атайын каражаттан  калган калдыктын жалпы суммасы      56,6  (элуу алты  мин алты жуз  ) сомго сметасы    бекитилсин.

2.2026-жылга жыл башында“Жан-Булак келечеги” бала бакчасында атайын каражаттан калган калдыктан 56,6  (элуу алты  мин алты жъз) сом акча каражаты бала-бакчага тамак аш алууга  жумшалсын.

3.Жыл башында калган калдыктын сметасын киргизип берүү жагы  КРФМ Нарын башкармалыгынан суралсын.

4.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ  алуу жагы айыл ɵкмɵтүнүн  башчысы  К.Токторалиевге жана   айыл ɵкмɵтүнүн  бɵлүмүнүн башчысы Казыбек кызы Анарага милдеттендирилсин.

 

 

Төрайым                                                                                                             А.Өзгөрүшова

 

 

Leave a Reply