Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын I кезектүү сессиясынын ТОКТОМУ № 1/6

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын         

I кезектүү  сессиясынын

ТОКТОМУ № 1/6

  2-февраль  2026-жыл                                                                                                      Жан-Булак айылы                                                                

 

Жан-Булак айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын  төлөмдөрүн  бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын  салыктык эмес кирешелер  жөнүндө кодексинин   75-беренесине ылайык калктуу конуштардын таштандыларын таштап чыгаруу үчүн жыйым төлөмдөрүн  бекитүү максатында  Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын I  кезектүү  сессиясы токтом кылат;

  1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 76-беренесине ылайык Жан-Булак айыл аймагындагы жеке жана юридикалык жактар-ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери жана ишканаларда, мекемелерде иштеген  ар бир жумушчуларга санын эсепке алуу менен төмөндөгүдөй өлчөмдө  тазалык жыйымы бекитилсин;

-ЖОБ органдарында, жалпы  билим берүү, саламаттыкты сактоо жана  маданият тармагында  эмгектенген  кызматкерлерге, Ат-Башы ГЭСинин кызматкерлерине  бир жылга, киши башына  -100 сомдон;

-Айыл аймакта жайгашкан соода түйүндөрүнө, кызмат көрсөтүүчү жайларга(дүкөн, мончо, чач тарач ж.б)  бир жылга,  ар бир чарчы метрине-10 сомдон;

2. Жыл сайын жыйымдарды 1-апрелге чейинки мɵɵнɵттɵ тийиштүү жергиликтүү бюджетке тɵлɵнсүн.

3.  Бул токтомду  кѳзѳмѳлдѳѳ жагы   Жан-Булак  айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Токторалиевге  милдеттендирилсин.

 

 

 

 Тѳрайым                                                                                                                   А.Өзгɵрүшова

 

Leave a Reply