Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын
III кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 3/4
13-апрель 2026-жыл Жан-Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө атайын оор техника (Мусоровоз) алуу боюнча долбоорун жактыруу жана акча каражатын кароо жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдѳ Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө атайын оор техника (Мусоровоз) алуу боюнча долбоорун жактыруу жана акча каражатын кароо максатында жана айыл тургундарынын 2026-жылдын 31-мартындагы элдик жыйындын №03 протоколунун негизинде Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын III кезектүү сессиясы токтом кылат:
- Нарын облустук Тенир-Тоо Ѳнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жобосуна ылайык, жалпы наркы 3 800 000 (үч миллион сегиз жүз мин ) сомду түзгѳн Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө атайын оор техника (Мусоровоз) алуу боюнча долбоору бир добуштан жактырылып, бекитилсин.
- Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө атайын оор техника (Мусоровоз) алуу боюнча долбооруна жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым катары 380 000(үч жүз сексен мин) сом акча каражаты артыкчылыктуу негизде бөлүнүп берилсин.
- Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл өкмөт башчысы К.Токторалиевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жан-Булак айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым А.Өзгөрүшова
