Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын
I кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 1/7
2-февраль 2026-жыл Жан-Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылга карата
иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 39-беренесинин негизинде Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө айылдык кеңешинин төрагасынын 2026-жыл үчүн иш-планын угуп, талкуулап Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXIX чакырылышынын I кезектүү сессиясы токтом кылат:
1.Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылга карата иш-планы жана уюштуруу массалык иштери бекитилсин. (№1 тиркемеге ылайык).
2.Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылга карата иш-планы туруктуу комиссиялардын төрагалары жана айылдык кенештин катчысы тарабынан аткарууга алынсын.
3.Токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрайым А. Өзгөрүшова
