Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жарандардын жеке маселелери боюнча кайрылууларын кабыл алуу жана аларга тиешелүү жардам көрсөтүү максатында коомдук кабылдама аркылуу жарандарды кабыл алуу графиги жана кызматкерлердин коомдук кабылдамада кезекчилик графиги бекитилди.
Бекитилген графикке ылайык, айыл аймагынын тургундары өздөрүнүн арыз-кайрылуулары, сунуштары жана жеке маселелери боюнча айыл өкмөтүнүн коомдук кабылдамасына кайрылып, тиешелүү кызматкерлерден маалымат жана консультация ала алышат.
Ошондой эле жарандар электрондук кабыл алуу аркылуу өз кайрылууларын жөнөтө алышат.
📧 Электрондук дарек:
jan-bulak.kabyldama@mail.ru
Урматтуу жарандар!
Өзүңүздөрдү кызыктырган маселелер боюнча айыл өкмөтүнүн коомдук кабылдамасына белгиленген графикке ылайык кайрылсаңыздар болот.
Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү

