Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын
2026-жылдын 9 айына карата иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча маалымат
| № | Милдеттер
|
Чаралар/аракеттер | Аткарылышы |
| ЭКОНОМИКА ТАРМАГЫ | |||
| 1. | Дотациянын кѳлѳмүн азайтуу | Айыл аймагынын дотациясын кѳлѳмүн салыктардын эсебинен жана кичи ишканалардын ачуу менен жылына 2-5 пайызга чейин түшүрүү. Мамлекеттик фондунун пайдаланылбай келген жерлерин пайдалануу. | 2025-жылы дотациянын үлүшү 22,5% түзсө, 2026-жылдын 9 айында 9% түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,1 пайыздык пунктка азайган.
2026-жылы дотациядан чыгуу менен, республикалык бюджеттен теңдештирүүчү грант алынган жок. |
| 2. | Короо алдындагы жер салыгынын базалык ставкаларын карап чыгуу жана аны жергиликтүү Кеңеште талкуулоо | -Короо алдындагы жер салыгы боюнча колдонулуп жаткан базалык ставканы талдоо;
-Жер салыгынын базалык ставкасын 2 эсеге көтөрүү боюнча сунуш даярдоо; – Маселени жергиликтүү Кеңештин кароосуна киргизүү – Калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. |
Короо алдындагы жер салыгынын ставкасын 1%тен 1,5% көтөрүү боюнча сунушталып, жогорулады |
| 3. | Айыл аймактын финансалык кѳз карандысыздыгын жогорулатуу | 2026-жылга жергиликтүү киреше бѳлүгүн салыктардын эсебинен жогорулатуу жана Респуликадан көз карандылыкты жыл сайын азайтуу | Айыл аймактын финансалык кѳз карандысыздыгын жогорулатуу максатында азыркы учурда пландар түзүлүп жатат. |
| 4. | Ат-Башы жана Куланак ГЭСтери менен кызматташуу | Ат-Башы ГЭСи , Ак кыя ПМО жергиликтуу салыктарды түшүрүү | Ат-Башы ГЭСи менен кызматташуу иштери жургүзүлүп келет жана жергиликтүү салыктар жергиликтүү бюджетке түшүп жатат. |
| АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ | |||
| 5. | |||
| 6. | Достук айылындагы футбол аянтчасын ондоп түзөө | Долбоорду ишке ашыруу боюнча жумушчу топ түзүү; Оңдоп-түзөө иштеринин көлөмүн жана сметасын аныктоо
Аянтчанын айланасына тосмо орнотуу Жарыктандыруу системасын орнотуу Жергиликтүү бюджеттин эебинен |
Аймакта жайгашкан спорттук обьектилерди ондоо максатында Достук айылында жайгашкан кичи футбол аянтчасы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 540 000 мин сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, колдонууга берилген.
|
| 7. | Жан-Булак айылында жайгашкан кичи футболдук аянтчаны ондоп түзөөдүн өткөрүү | Долбоорду ишке ашыруу боюнча жумушчу топ түзүү; Оңдоп-түзөө иштеринин көлөмүн жана сметасын аныктоо
Аянтчанын айланасына тосмо орнотуу Жарыктандыруу системасын орнотуу Сим грантка сунуштоо |
Аймакта жайгашкан спорттук обьектилерди ондоо максатында Дем берүүчү грантка Жан-Булак айылындагы кичи футбол аянтчасын ондоп түзөөдөн өткөрүү боюнча долбоор сунушталып, жактырылган, долбоордун жалпы наркы 1 481 500 сомду түзүп, тендер жарыяланган жана утуучу деп табылган ОсОО НарынПромСтрой фирмасы менен 1 421 388 сомго келишим түзүлүп учурда ондоп түзөө иштери 50% аткарылды. Долбоорлорго каралган өздүк салым өз убагында которулуп берилген
|
| 8. | Достук айылдык клубуна инвентарь алуу (ЛЭД экран) | Айылдык клубдун материалдык-техникалык базасын талдоо жана LED экранга болгон муктаждыкты аныктоо; LED экрандын техникалык талаптарын (өлчөмү, сапаты, кубаттуулугу) аныктоо;
Бюджетти жана сметаны түзүү; Тенир-Тоо фондусуна сунушто сунуштоо |
Достук айылдык клубуна ЛЭД экран алуу боюнча жалпы суммасы 1 438 000 сомду түзгөн долбоор жазылып, Тенир-Тоо өнүктүрүү фондусуна тапшырылып, кароо алдында турат. |
| 9. | .“Энергетиктер шаарчасы”долбоорун ишке ашыруу (Достук айылдык клубунун тегерегин жакшыртуу, жарыктандыруу койдуруу, тратуарларды салуу)
|
Долбоорду ишке ашыруу үчүн жумушчу топ түзүү;
Достук айылдык клубунун айланасындагы аймактын учурдагы абалын изилдөө; Жакшыртуу иштеринин көлөмүн жана приоритеттерин аныктоо; Долбоордук-сметалык эсепти түзүү жана бекитүү; Райондук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо |
“Энергетиктер шаарчасы”долбоорун ишке ашыруу максатында райондук өнүктүрүү фондусуна жалпы наркы 9 000 078 сомго долбоор тапшырылып, колдоого алынган жок |
| 10. | Достук айыл аймагында жайгашкан “Жылдыз” балдар бакчасына күн панелдерин койдуруу | “Жылдыз” балдар бакчасынын электр энергиясына болгон муктаждыгын талдоо;
Күн панелдерин орнотуу үчүн имараттын техникалык абалын кароо; Күн энергия системасынын кубаттуулугун жана 12 техникалык параметрлерин аныктоо; Долбоордук-сметалык эсепти түзүү жана бекитүү; Нарын райондук ɵнүктүрүү фондусуна долбоордук сунуш берүү |
2026-жылга аймака энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү максатында Достук айылында жайгашкан “Жылдыз бала бакчасына күн электр станциясын орнотуу” боюнча 2 892 750 сомго долбоор даярдалып, Нарын райондук өнүктүрүү фондусуна тапшырылган.Долбоор жактырылып, 2 жолу тендерге чыгарылган бирок Кыргыз Республикасынын Сатып алуулар жөнүндө №27 Мыйзамына ылайык конкурс болгон жок деп таанылып, түз берүү жолу менен ОсОО “Международная новая энергетика Хунъюэ (Кыргызстан)” фирмасы менен келишим түзүлгөн жана учурда күн станцияга тиешелүү болгон материалдары алынып келинди,орнотуу иштери баштоо алдында турат. |
| 11. | Жан-Булак айылындагы Ж.Ишеналиев атындагы айылдык клубка жылытуу системасын киргизүү, күн панелдерин орнотуу | Күн панелдерин орнотуу үчүн имараттын техникалык абалын кароо;
Күн энергия системасынын кубаттуулугун жана техникалык параметрлерин аныктоо; Долбоордук-сметалык эсепти түзүү жана бекитүү; Райондук өнүктүрүү фондусуна долбоордук сунуш жазуу |
2026-жылга аймака энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү максатында “Ж. Ишеналиев атындагы айылдык клубга күн панелдерин орнотуу” боюнча 1 798 060 сомго жана Достук айылында жайгашкан “Жылдыз бала бакчасына күн электр станциясын орнотуу” боюнча 2 892 750 сомго долбоор даярдалып, Нарын райондук өнүктүрүү фондусуна тапшырылган.Долбоор жактырылып, 2 жолу тендерге чыгарылган бирок Кыргыз Республикасынын Сатып алуулар жөнүндө №27 Мыйзамына ылайык конкурс болгон жок деп таанылып, түз берүү жолу менен ОсОО “Международная новая энергетика Хунъюэ (Кыргызстан)” фирмасы менен келишим түзүлгөн жана учурда күн станцияга тиешелүү болгон материалдары алынып келинүүдө. |
| 12. | Жан-Булак айыл аймагына атайын оор техника “Экскаватор” алуу | Экскаватордун техникалык талаптарын жана кубаттуулугун аныктоо;
Долбоордук-сметалык эсепти түзүү жана бекитүү; Жеткирүүчүлөрдү изилдөө жана коммерциялык сунуштарды алуу; Райондук өнүктүрүү фондусуна долбоордук сунуштарды берүү |
Жан-Булак айыл аймагына атайын оор техника “Экскаватор” алуу боюнча жалпы наркы 11млн.сомдук долбоор райондук өнүктүрүү фондусуна сунушталып ,колдоо тапкан жок |
| 13. | Достук орто мектебине инвентарь алуу | Мектептин учурдагы муктаждыктарын аныктоо;
Сатып алуу үчүн инвентардын тизмесин түзүү жана техникалык спецификациясын аныктоо; Бюджетти жана сметалык эсепти түзүү; Жеткирүүчүлөрдөн коммерциялык сунуштарды алуу жана салыштыруу; Райондук өнүктүрүү фондусуна сунуш даярдоо |
2026-жылга аймактагы обьектилердин материалдык-техникалык базасын чындоо максатында Нарын райондук өнүктүрүү фондусуна 1 735 000 сомго “Достук жалпы билим берүү мектебине инвентарларды алуу” боюнча долбоору сунушталып, жактырылган. Достук орто мектебине алынуучу инвентарларга Борборлоштурулган Сатып алуулар жүргүзүлүп, 1 457 161 сомго келишим түзүлгөн жана учурда баардык инвентарлар толугу менен алынып келинип, кабыл алынган.
Андан сырткары Достук жалпы билим берүү мекемесине жана А.Жутакеев орто мектебине жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы суммасы 339 540 сомду түзгөн өрт жөнүндө кабарлоо жана сигнал берүү системалары коюлган.. |
| 14. | Достук айылында жайгашкан административдик имаратына күн панелдерин орнотуу | Административдик имараттын энергия муктаждыгын жана техникалык абалын изилдөө;
Күн панелдеринин кубаттуулугун жана техникалык параметрлерин аныктоо; Долбоордук-сметалык эсепти түзүү жана бекитүү; Фондторго долбоордук сунуш даярдоо, тапшыруу Тенир-Тоо өнүктүрүү фондусуна сунуштоо |
2027-жылга Нарын райондук өнүктүрүү фондусуна долбоору даярдалып сунушталат |
| 15. | Жан-Булак айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын тегерегин брусчаткалоо жана тосуу | Аймактын учурдагы абалын изилдөө жана брусчаткалоо жана айланасын тосуу үчүн ПСД даярдоо, түзүү;
Административдик имараттын айланасын тазалоо жана даярдоо; Райондук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо |
2027-жылга дем берүүчү грантка долбоорга документтери даярдалып жатат |
| 16. | Достук орто мектебинин тегерегин брусчаткалоо жана айланасын тосуу | Аймактын учурдагы абалын изилдөө жана брусчаткалоо жана айланасын тосуу үчүн ПСД даярдоо, түзүү;
Стим грантка сунуштоо |
2026-жылга Дем берүүчү грантка сунушталган Достук жалпы билим берүү мектебинин тегерегин брусчаткалоо жана айланасын тосуу боюнча долбоор жактырылып, 3 929 125 сомго тендер жарыяланып, 3 349 958 сомго ОсОО Дос Билдинг фирмасы менен келишим түзүлгөн жана учурда брусчаткасы толугу менен төшөлүп, тегерегин тосуу иштери 90% аткарылды.
Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорго каралган өздүк салым өз убагында которулуп берилген. |
| 17. | Көчө жарыктарын орнотуу, үйлөрдүн жана мекемелердин айланасындагы тосмолорун жаңыртуу, оңдоп түзөө иштерине көзөмөл жүргүзүү
|
Көчө жарыктарын орнотуу;
Үйлөрдүн жана мекемелердин айланасындагы тосмолорду жаңыртуу жана оңдоп-түзөө иштерине көзөмөл жүргүзүү; Айыл ичиндеги борбордук чон көчөлөргө штакетник тосмолорун орнотуу боюнча иш алып баруу ,түшүндүрүү иштерин жүргүзүү |
2025-жылга карата жергиликтүү бюджеттен 1056 600 000 (бир миллион элүү алты мин алты жүз ) сом акча каражаты каралып, каралган акча каражатына тендерге берилип , мамлекеттик сатып алуулар конкурсунун жыйынтыгы 100 (жүз) )даана мамыча алынып келинди. 2026-жылдын апрель айында РЭС тарабынан орнотуу иштери башталды.Ошондой эле 2025ɵжылы жергиликтүү бюджеттен акчка каражаты эсебинен 152 даана түнкү чырактар алынып , 3 кватаолын аягы менен орнотуу иштери жүргүзүлɵт
Достук айылындагы Достук айылдык клубунун тегереги жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 067 000 мин сом акча каражатына ПСД даярдалып ,тендерге чыгарылган. Женүүчү деп аныкталган ОсОО СК СЕРВИС фирмасы менен 888 900 сомго келишим түзүлүп айланасы тосулуп кабыл алынды
|
| КУРУЛУШ ТАРМАГЫ | |||
| 18. | Жан-Булак айыл аймагында 150 орундуу бала бакча куруу | Жан-Булак айыл аймагында мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү максатында 150 орундуу заманбап бала бакча куруу үчүн капиаталдык салымдар беренеси боюнча долбоорго сунуштоо жана курулуш үчүн жер тилкесинин тиешелүү документтерин толук жана мыйзам чегинде бүтүрүү.; | 2026-2028-жылдар ичинде Жан-Булак айылына болжол менен жалпы суммасы 147 млн сомду түзгөн 110 орундуу бала бакча курууга 0,50 га жер аянттары бɵлүнүп берилип чалгындоо иштери бүткɵрүлүп тиешелүү мекемелерден уркусаат кагаздары алынган. ПСД даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө жана 2027-жылга капиталдык салымдар га сунушталат
|
| 19. | Ак-Сай өрөөнүндөгү Кызыл-Күнгөй жайлоосунда Көк-Арт суусуна мал айдап жана жөө адамдар өтүүгө ылайыктуу асма көпүрө куруу | Көк-Арт суусуна асма көпүрө куруу аркылуу жайыттарга жетүүнү жеңилдетүү. Бул көпүрө буга чейин пайдаланылбай келген алыскы жайыттарды ишке киргизүү боюнча тиешелүү жогорку мамлекеттик мекемелер менен биргеликте иш алып баруу | Көк-Арт суусуна асма көпүрө курууга тиешелүү министрликке сунуш берилген. Ошондой эле донор изделип жатат. |
| 20. | Нарын-Баетов автожолунун Жан-Булак айыл аймагынын тушуна автотранспорт каражаттарына күйүүчү- майлоочу каражаттарды куюучу жай куруу (заправка) | Айыл чарба багытында оруп жыюу ɵнɵктүгүндɵ калктын түйшүгүн жана убарачылыгын женилдетүү максатында айыл элин күйүүчү- майлоочу май менен камсыз кылуу боюнча долбоорду даярдоо менен донорлорго сунуштоо | Белгиленген жер аянтынын багытын которуу тиешелүү министрликтер уруксаат кагаздары бериген азыркы учурда археологиялык изилдɵɵлɵр жүрүп жатат. |
| 21. | Достук айылына каллка кызмат кɵрсɵтүү үчүн ФАП куруу | -Достук айылына донордук уюмдарды жана инвесторлорду издөө, жеке демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен ФАП (фельдшердик-акушердик пункт) куруу;
– ФАП куруу үчүн айыл ичинен атайын жер тилкесин бөлүп берүү; – Жер тилкесине байланыштуу бардык тиешелүү документтерди (кадастр, техникалык паспорт ж.б.) даярдап берүү; -Курулуш иштерине жана мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүү. |
Ал эми Достук айылына жаны ФАП куруу боюнча жалпы суммасы 11 млн сомду түзгөн долбоорго баардык тиешелүү иш кагаздары жана ПСДлары толугу менен иштелип чыккан.Учурда «Катар» кайрымдуулук фондусуна документтер тапшырылган. |
| 22. | Достук айылындагы таза суу системасын киргизүү | “Дастан” фирмасы менен түзүлгөн келишимди аягына чыгарып, элди таза суу менен камсыздоо | Мамлекеттик кабыл алууга Дастан фирмасы менен биргеликте иш алып барылууда |
| ЖОЛ ТАРМАГЫ | |||
| 23. | Жолдордун техникалык абалын жакшыртуу
|
Айыл аймагындагы ички көчөлөргө шагыл төгүү боюнча иштерди жүргүзүү; | Жан-Булак айылындагы К.Шеримбеков көчөсүнө жалпы узундугу 700 метр жолго 50 хово шагыл төгүлүп, түздөлдү |
| Борбордук кɵчɵлɵргɵ тратуар салуу боюнча даярдык иштерин жүргүзүү | Жан-Булак айылындагы Орозобай уулу Сарык көчөсүнө жалпы узундугу 2км 200м болгон тратуар куруу үчүн тиешелүү иш кагаздары даярдалууда. | ||
| Нарын – Жан-Булак жол каттамынын калктуу конуштарындагы жол белгилерин жаңылоо; | Нарын – Жан-Булак жол каттамында капиталдык жол куруу иштери жүрүп жаткандыктан, жол белгилери коюла элек. | ||
| Айыл ичиндеги каттамдарды жакшыртуу максатында ички каналдарга кɵпүрɵлɵрдү капиталдык ондоп түзɵɵ ; | Жан-Булак айылындагы Орозобай уулу Сарык көчөсүндөгө бир көпүрө ондоп түзөөдөн өткөрүлдү. | ||
| Жол коопсуздугуна коркунуч туудурган айрым участкаларды ДЭП №8 мекемеси менен биргеликте оңдоо; Ички жолдорду ремонттоо (мүмкүнчүлүккө жараша асфальттоо) Баласт шагылын төгүү; Жол белгилерин орнотуу; Жолдун тазалыгын жана талапка ылайык абалын камсыз кылуу. | Жол коопсуздугуна коркунуч туудурган айрым жерлерди оңдоо боюнча ДЭП №8 ишканасына кат жолдонуп, сунуш берилди.
Жол белгилерин орнотуу боюнча айылдык кенешке сунуш берилип, 126000сом акча каражаты каралып тендердин негизинде жол белгилери алынды . Жолдун жээги толук жасалып бүткɵндɵн кийин жол белгилери орнотулат |
||
| Жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин алдына балдырдын коопсуздугу үчүн атайын макеттерди жана жол белгилерди орнотуу | Айыл аймактагы Жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин алдына балдардын коопсуздугу үчүн атайын жол белгилери орнотулуп, өтмөк чиймелер мындан сырткары 8 даана макет орнотулат. | ||
| ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫ, ЧАКАН жана ОРТО ГЭСтер | |||
| 24. | Айылдарга трансформатор коюу электр карагайларын жана чубалгыларын кою жана оңдоо | Айыл ɵкмɵтү тарабынан айыл аймактардагы жаны конуштарга жана керек болгон аймактарга Нарын электр тармактарына сунуш даярдоо менен иш алып баруу:
– Айылдарга кошумча трансформаторлорду орнотуу; – Электр мамыларын (карагая/опора) орнотуу жана эскилерин алмаштыруу; – Электр чубалгыларын (линияларын) тартуу жана оңдоо; – Эскирген жана кооптуу электр жабдууларын жаңылоо – Электр коопсуздугу талаптарын сактоо боюнча көзөмөл жүргүзүү. |
Айылдарды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында, айыл аймактардагы эскилиги жеткен чубалгыларды ондоо боюнча жергиликтүү бюджеттен акча караатын бɵлүнүп 100 даана электр мамычалары алынган.Нарын райондук РЭТ ишканасы менен сүйлөшүүлөр жүргүзулүп, апрель айында келип орнотуу иштери жүргүзүлүп толук аягына чыга элек |
| 25. | Электр энергиясын пайдалануу лимитин сактоо | – Айыл өкмөттөрүнө берилген электр энергиясынын лимиттерин тактоо жана көзөмөлдөө;
-Жергиликтүү бюджет тарабынан электр энергиясына карыздын өз убагында төлөнүшүн камсыз кылуу; – Карыздардын пайда болушун алдын алуу үчүн эсеп-кысап жана мониторинг жүргүзүү; – Энергияны үнөмдөө жана рационалдуу колдонуу боюнча мекемелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү |
Айыл өкмөтүнө жана айыл аймагындагы социалдык мекемелерге берилген электр энергиясынын белгиленген лимиттери такталып, анын пайдаланылышын көзөмөлдөө жана үнөмдүү сарптоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Электр энергиясын пайдаланууда белгиленген лимиттер сакталды жана бекитилген чектен ашыкча керектөөгө жол берилген жок. Социалдык мекемелерде электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча көзөмөл күчөтүлүп, электр энергиясынын чыгымдалышы туруктуу көзөмөлдө кармалды.. |
| АЙЫЛ-ЧАРБА КОМПЛЕКСИ, АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУК, АЙЛАНА ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО | |||
| 26. | Элди сорттуу үрѳѳн менен камсыз кылуу | Айыл аймагындагы “Жийде-Бак” үрѳн чарбасы элди сапаттуу арпа буудайдын биринчи репродукциядагы үрѳѳнү менен камсыздоо. | “Жийде-Бак” үрөн чарбасы тарабынан 2027-жылдын жаз айларына карата, 20т вакула сортундагы биринчи репродукциядагы үрөөн камдалды. |
| 27. | Сандан сапатка отуу, айыл чарба жана мал чарба тармагы | Асыл тукум чарбаларын түзүү, сандан сапатка өтүүгө чыгаруучу бука, кочкорлорду сатып алуу боюнча иштерди алып баруу | “Айыл Берекеси” кооперативи 25 баш абердин – ангус пародасындагы тубар уйларды жана 3 баш бука алып келди. |
| 28. | Лизинг аркылуу айыл чарба техникаларын алууга банктын ѳкүлдѳрү менен отурумдарды ѳткѳрүү жана маалымат берүү | Айыл аймагынын тургундарына окутуу иштерин уюштуруу. Мамлекеттик программа менен тааныштыруу. | «Талгат” техсервиси лизинг аркылуу чөп тангактоочу (рулон) сатып алды |
| 29. | Муниципиалдык гараж
|
«Эделвейс» МИсы пайдаланып келе жаткан оор жана айыл чарба техникаларына талапка ылайык гараж куруу. | Жер тилкеси даярдалды, долбоордук иш кагаздары даярдалууда. |
| 30. | Кызыл-Бел ички жайытына таза суу чыгаруу үчүн “Гидротаран” системасын орнотуу | Кызыл-Бел участкасындагы шаркыратманын суусун ички жайыттагы “Бел” участогуна чейин жеткирүү пландалууда . Суу түтүгүнүн жалпы узундугу 9 км болуп, диаметри 100 мм болгон түтүктөр аркылуу жалпы аянты 18 000 гектар жерди суу менен камсыз кылуу | Атайын адистер менен суу чыгаруу жолун издеп, тоолорду чалгындоо иштери жүрүүдө. |
| 31. | Элге жерди айдоо эрежелери боюнча туура,так маалыматтарды ѳз учурунда берип туруу. | Дыйкандарга айыл чарба ѳсүмдүктѳрүн ѳстүрүүгѳ жана практикалык иштерди ѳткѳрүүгѳ атайын адистер менен семинар практикалык иштерди ѳткөрүү. Органикалык жер семиртичтерди даярдоо жана колдонуу боюнча маалымат табуу Органикалык жер семиртичтерди даярдоо боюнча маалымат такчалар аркылуу жарандарга берүү | Элге жерди айдоо эрежелери боюнча маалыматтарды ѳз учурунда берилип жана органикалык жер семирткичтерди колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.
Нышан-Ата кооперативи 80000сомго жер семирткич чачуучу атайын техника сатып алды.
|
| 32. | Айдоо аянттарына сугат суусун жеткирүү | Муниципалдык ишканасынын алдындагы Кызыл-Зоо –Достук каналы жана УОС мекемелери менен биргеликте суу баскан аянтты ѳз мѳѳнѳтүндѳ суу менен камсыз кылуу. Белгиленген графиктин негизинде сугат суусун кѳзѳмѳлдѳп туруу.Айыл аймагындагы ички канал,арыктарды жаз айларында ондоп тазалоо , суу бѳлүштүрүүчү затворлорду жаныртуу иштерин айыл тургундары менен бирдикте ишембиликтериди ѳткѳрүү. Ички каналдарды ондоп түзѳѳ, капиталдык ремонттон ѳткѳрүү. КРМК №207-токтомунун негизинде каналдарды Суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү. | 2026-жылдын сугат суу иштери үзгүлтүккө учурабай, сугат суу толугу менен сугат аянттарына жеткирилди. |
| 33. | Малдын асылдуулугун кѳтѳрүү Айылга жасалма куут пунктун иштетүү | Мал жандыктарды асылдандыруу максатында сандан сапатка өтүү боюнча Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ири мүйүздүү малды жасалма жол менен уруктандыруу иштерин улантуу | Жасалма уруктандыруу боюнча кулактандыруулар дайыма берилүүдө. Кызыктар тараптардан 4 баш уй куудурулду. |
| 34. | Малдарды вакцинациялоо | Айыл аймагындагы жугуштуу ооруларды алдына алуу үчүн ѳз мѳѳнѳтүндѳ ваксинациялоо жүргүзүү : Ири мүйүздүү малга эмдѳѳ . Шарп,Кара сан,Штамм 19 ж.б.Майда жандыка : РЕВ-1,чумага жана оспа ваксинациядан ѳткѳрүү жана купкага салуу.
Ит,мышыка кутурмага жана эхинококкоз ыланына каршы дарылоо жана жолбун иттерди артыруу. |
Айыл аймагындагы жугуштуу ооруларды алдына-алуу үчүн ѳз мѳѳнѳтүндѳ ваксинациялоо иштери боюнча :
Ири мүйүздүү малга эмдѳѳ: Шарп 1000баш уй,Кара сан 300 баш уй, Штамм-19га 150 баш уйга вакцинация жургүзүлдү. Майда жандыка: РЕВ-1,чумага жана оспага каршы ваксинациялоо мал жандыктары жайытка чыкканда башталат жана купкага салуу иши күз айында жүргүзүлөт. |
| 35. | Бодо малдарды идентификациялоо | Айылдын жеке ветеринарлары менен биргеликте ири мүйүздүү
Малдарды жана жылкыларды идентификациялоодон өткөрүү, СИОЖ программасына киргизүү |
Малдарды жана жылкыларды идентификациялоодон өткөрүү боюнча 3-кварталга карата 280 баш уйга бирка жана 210 баш жылкыга чип басылды. |
| 36. | Мал санакты уюштуруу | Малдын санын так тактоо менен жайыттарга туура бѳлүштүрүү | Аткаруу мɵɵнɵтү келе элек |
| 37. | “Беккар” чункурун куруу | Жан-Булак айылына яма беккари чункуру курулат | Аймактын эпизотиялык абалы туруктуу кармоо жана мал тарабынан жугуучу оорулардын алдын-алдын алуу максатында Жан-Булак айылына баардык экологиялык абалдарды эске алуу менен жалпы суммасы 605 000 сомго беккари чункурун казуу үчүн проекттик-сметалык документтери жасалып, тендерге чыгарылган жана утуучу деп аныкталган ИП Кочкоров Иса менен 587 000 сомго келишим түзүлгөн жана беккари чункуру толугу менен курулуп, кабыл алынган.
|
| 38. | Логистика жана кайра иштетүү | Сүттү жана этти кабыл алуучу, муздатуучу борборлорду түзүү. | Аткаруу мөөнөтү келе элек |
| 39. | Мал союлуучу жайларды талапка ылайык курууга жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жана куруу. | Мал союлуучу жай куруу боюнча жер тилкесин трасформациялоо иштери жүргүзүлүп , жергиликтүү инвесторлор менен сүйлɵшүүлɵр жүрүп жатат . | |
| 40. | “Бир айыл- бир продукт” көргөзмөсүнө катышуу | Бир айыл- бир продукт” көргөзмөсүнө айыл чарба департаменти менен биргеликте уюштурулуп жаткан Жарманкелерге дыйкандар ɵздɵрүнүн азык -түлүктɵрү менен үзүлтүксүз катышып келет. | |
| 41. | Жашылдандыруу жана кѳрктѳндүрүү боюнча иш алып баруу
|
КРМК 2023-жылдын 3-мартындыгы №89т-тескемесине ылайык “Жашыл Мурас компаниясынын ишке ашыруу.
2026-жылга жалпы 210 түп бак дарактар отургузулуп жана өсүшүнө кам көрүлөт. Мекмелердин айланасын жашылдандыруу жана кɵрктɵндүрүү Айылдарды кѳрктѳндүрүү Айылдын ичин ирээтке келтирүү |
«Жашыл мурас» улуттук компаниясын ишке ашыруу максатында 523 кара бак, 24 сосна,
5 ийне жалбырактуу отургузулду |
| 42. | Жайкы жайлоо туризимин ѳнүктрүү. | Айыл аймагындагы жайлоо туризимин кенейтүү. Туризмге ылактуу шарттарды түзүү жер аянттарын бөлүп берүү .
Кыргыз кɵчү чет элдик туристер менен чабандардын ортосундагы туризмин жайылтуу |
|
| 43. | Таштанды тѳгүүчү жайларды ирээтке келтирүү. | Жан-Булак айыл аймагындагы ТЭЭК участогундагы таштанды таштоочу жайларды коруу менен ирээтке келтирүү.
Рекультивация иштерин жүргүзүп туруу |
2026-жылдын 9 айынын ичинде Жан-Булак жана Достук айылдарында санитардык тазалыкты камсыз кылуу, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана калктуу конуштардын тазалыгын жакшыртуу багытында бир катар иштер жүргүзүлдү. Айылдардын санитардык абалын жакшыртуу жана тиричилик калдыктарын өз убагында чыгарууну камсыз кылуу максатында Нарын облустук «Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунун» каражатынан 5 800 000 сом өлчөмүндө долбоор каржыланып, Жан-Булак айыл аймагына атайын таштанды ташуучу оор техника алынып келинди.Аталган атайын техниканын алынышы менен Жан-Булак жана Достук айылдарында тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу иштери системалуу жолго коюлуп, калкка көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтын сапаты жакшыртылды. Техника белгиленген графикке ылайык пайдаланылып, айыл тургундарынан чогултулган тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүлүп жатат.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу (Союз МСУ КР) «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» (ЖДКЖ) долбоорунун алкагында пилоттук негизде окууларды өткөрүп, 2026-жылга айыл аймактарда кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу багыты боюнча “КЖАП” жазылып, долбоор даярдалып, тапшырылган. Учурда аталган долбоор ишке ашып, Достук айылына гибридтик Лабо маркасындагы муравейник алуу алдында турат. |
| 44. | Жайыттарды башкаруу
|
Жайыттарды кезектештирип жаюу (ротация) системасын катуу көзөмөлгө алуу | Ички жана алыскы жайыттарды кезектештирип жаюу максатында Кызыл-Бел участкасы эс алдырылды. |
| Жайыттарды деградацияга алып келүүчү жагдайлардын алдын алуу иш чараларын уюштуруу | Жайыттарга суу жеткирүү аракеттери көрүлүүдө | ||
| Айыл аймагындагы жайыттарга жетүүнү жакшыртуу максатында мал айдоочу жана чарбачылык маанидеги жолдорду оңдоо, жаңы көпүрөлөрдү салуу жана учурдагы жолдорго шагыл төшөө иштерин жүргүзүү | Айыл аймагындагы жайыттарга жетүүнү жакшыртуу максатында Олдомор учасктасынан жалпы узундугу 5км жол ондоп Эделвейс муниципалдык ишкана тарабынан жазалды | ||
| ӨНӨР ЖАЙ ТАРМАГЫ | |||
| 45. | Ак-Кыя учаткасында ӨКМ астындагы ПМО ишмердүүлүгүнɵ кɵмɵк кɵрсɵтүү | Асфальт жана бетон чыгаруучу заводко инерттүү материалдарын берип туруу. | Карьерди мыйзмадаштыруу боюнча ПМОнун жетекчиси У.Мамытовго тапшырылган. |
| 46. | Карьер участогуна (Кирпич завод) ɵндүрүшкɵ ылайыктуу долбоор даярдоо | Азык-түлүктү жакшыртуу программассына ылайык сүт багытындагы Асыл тукум Эчки жана Уйларды заманбап гидропоника ыкмасы менен тоют ɵндүрүү боюнча жаны технология менен багуу долбоорлорду даярдоо | Карьер жайгашкан жердин багыты аныкталып ,жердин тиешелүү иш кагаздары бүткɵрүлдү. Жалпы аянты 2,0 га Уйларды заманбап гидропоника ыкмасы менен тоют ɵндүрүү боюнча жаны технология менен багуу долбоор 2027-жылга даярдалып жататЖалпы суммасы 48 000 000 сом. |
| 47. | “Кызыл -Бел” аймагындагы Кирпич чыгаруучу заводко инерттүү материал менен камсыздоо | Инвесторлорго сунуштоо менен Финансы Экономикалык жактан пайда табуу. | Инвесторлр менен сүйлɵшүүлɵр жүргүзүлүп жатат, топурактын анализи алынып |
| СОЦИАЛДЫК ТАРМАК | |||
| 48. | Калктын аярлуу катмарына колдоо кѳрсѳтүү | Социалдык колдоого муктаж болгон үй бүлѳгѳ жылда жашоо шартын жакшыртуу аркеттерин кѳрүү максатында айыл ѳкмѳттүн бюджетинен да акча каражатын бѳлүп берүү (а/ѳ колдоого алуу, колунда бар үй бүлѳлѳргѳ бекитүү жана жумуш менен камсыз кылуу аракетин кѳрүү) Жумушу жоктор жана жакыр үй-бүлѳлѳрдү жумушка тартуу . | Калктын аярлуу катмарына колдоо кѳрсѳтүү максатында, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кайрымдуулук жардамын көрсөтүүгө 90000сом акча каражаты жана жалгыз бой ата-энелерге, 1-2-топтогу майыптыгы бар үй-бүлөлөрдүн ичинен муктаж үй-бүлөөгө кыш мезгилине карата 500кг.дан көмүр берүү үчүн 90000сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп 32 үй бүлөгө көмүр таратылып берилди . |
| 49. | Социалдык мекемелерге кѳмүр тартуу
|
Мектеп бала бакчаларга кѳмүр тартууда тендерлерди кечиктирбестен ѳткѳрүү.
Мектеп бала бакчаларга мѳѳнѳтүнѳн кечиктирбестен кѳмүр тартуу. Социалдык мекемелеринин кѳмүр кампаларын даярдоо ремонттон ѳткѳрүү, электр чынжырларын техникалык талапка ылайык келтирүү. Электр энергиясын үнѳмдүү колдонуу |
Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен тиешелүү акча каражаты каралып, социалдык мекемелерди жана калкты көмүр отуну менен камсыз кылуу максатында 216 тонна көмүр алынып келинип, анын ичинен 16 тоннасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлүп берилди.* Калган көмүр отуну социалдык мекемелердин керектөөсүнө бөлүнүп, жетиштүү көлөмдө камсыздалды.
2. Мектептерге жана бала бакчаларга көмүр тартуу боюнча.* Мектептерди жана бала бакчаларды көмүр отуну менен өз убагында камсыз кылуу максатында тиешелүү сатып алуулар жана тендердик жол-жоболор өткөрүлүп, көмүр отуну белгиленген мөөнөттө Муниципалдык ишкананын техникалары аркылуу баардык соц.обьектилерге 100 %толук тартылды
3. Жылытуу системалары боюнча.* Социалдык мекемелердин жылытуу системалары, мештери, казандары жана түтүн өткөрүүчү жабдуулары текшерилип, аныкталган кемчиликтер жоюлду. Жылытуу системалары күз-кыш мезгилинде пайдаланууга даярдалды.
4. *Электр энергиясы боюнча.* Социалдык мекемелердеги электр тармактары жана электр жабдуулары техникалык талаптарга ылайык текшерилип, аныкталган кемчиликтер оңдолду. Электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, белгиленген лимиттердин сакталышы көзөмөлгө алынды.
|
| 50. | Калктын жакыр катмары үчүн айылдын борборунда «Социалдык дүкөн» жана дүкөндөрдө социалдык текчелерди уюштуруу долбоорун ишке ашыруу | Калктын жакыр катмары үчүн айылдын борборунда «Социалдык дүкөн» жана дүкөндөрдө социалдык текчелер уюштурулат | Калктын жакыр катмары үчүн айылдын борборунда «Социалдык дүкөн» жана дүкөндөрдө социалдык текчелерди уюштуруу долбоорун ишке ашыруу боюнча азыркы учурда пландар түзүлүп жатат. |
| 51. | Айылда 1 ден аз камсыз үй бүлө арасында жакырчылыкты кыскартууга багытталган киреше алып келүүчү чакан долбоорду жайылтуу ( сүттү кайра иштерүү, гидропоника, тоок багуу,балыкчылык ,балык чарба ж.б) | Аз камсыз үй бүлө арасында жакырчылыкты кыскартууга багытталган киреше алып келүүчү чакан долбоорду жайылтуу ( сүттү кайра иштерүү, гидропоника, тоок багуу,балыкчылык ,балык чарба ж.б) максатында аз камсыз үй-бүлөөлөр арасынан социалдык контракт менен иштөө боюнча иштер аткарылат | Айыл-Берекеси пельмен чыгаруучу чакан цехте 3 аз камсыз болгон үй-бүлөөнүн мүчөлөрү жумуш менен камсыз болуп иштеп жатат.
Мындан сырткары жакырчылыктан чыгаруу максатында айыл ɵкмɵтү тарабынан атайын демɵɵрчүлɵр менен сүйлɵшүүлɵр жүргүзүлүп бир аз камсыз үй бүлɵɵгɵ 1-октябрь Эл аралык карыялар күнүнɵ карата Жан-Булак айылынын тургуну Осмонова Зуурабүбү апага 150 000 (жүз элүү мин) сомго 1 (бир )баш музоолу уй берилди. |
| 52. | Ишке ашырылып жаткан ири долбоорлорго аз камсыз жарандарды тартуу аркылуу 5тен аз камсыз жарандарды жумуш орундары менен камсыз кылуу | Айыл аймактагы жеке ишкерлер, мекеме ишканалар менен иш оорундарына аз камсыз үй-бүлөөлөр тартылат | Аткаруу мөөнөтү келе элек |
| 53. | Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндөгү» Мыйзамынын5-бөлүмүнүн 28,29-беренелерине ылайык калктын социалдык жактан коргоогоөтө муктаж катмарына колдоо көрсөтүү максатында мекеме –ишканалардан бош жумуш орундары боюнча маалыматтарды алуу жөнүндө толук кандуу иш жүргүзүп , ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды жумуш орду менен камсыз болуу боюнча иштерди жүргүзүү | Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндөгү» Мыйзамынын 5-бөлүмүнүн 28,29-беренелерине ылайык калктын социалдык жактан коргоогоөтө муктаж катмарына колдоо көрсөтүү максатында мекеме –ишканалардан бош жумуш орундары болгон учурларда ДМЧ жарандар ишке алуу аракеттери жүргүзүлөт | А.Жутакеев жалпы билим берүү мектебинде 2, айыл өкмөтүндө 1, Умсунай-Апа бала бакчасында 1 мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар иш менен камсыз болуп, иштеп жатат жана бош жумуш орундар болуп калган учурда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жумушка тартылат. |
| 54. | Айыл аймактын борборуна бирден дарыкана ачуу | Айыл аймактын борборуна бир дарыкана ачуу боюнча иш алып баруу жогору жактар менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашырылат | Айыл аймактын борборуна бир дарыкана ачуу боюнча иш алып баруу жогору жактар менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашырылат |
| 55. | Ваучердик билим берүү»долбоорун ишке ашырууну активдештирүү менен жаш дарыгерлерди тартуу |
|
|
| 56. |
Айылдык ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү калктын ден соолугуна камкөрүм менен калк арасында жугуштуу , жугуштуу эмес ооруларды алдын алууда бир топ ишт ерди аткарып келишет жана айыл аймактын коомдук иштерине активдүү катышып келгендиктен аларга жергиликтүү бюджеттин негизинде материалдык колдоо көрсөтүм алар менен окууларды иш-чараларды уюштуруу |
Айылдык ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү менен окуулар, семинарлар өткөрүлөт.
|
18-май күнү Жан-Булак айыл аймагында жүрөк-кан тамыр ооруларын эрте аныктоо жана алдын алуу максатында “Саламат жүрөк – чек-аптан өт” аттуу акция өткөрүлдү.
Иш-чарага ден соолук комитетинин мүчөлөрү жана ФАП кызматкерлери активдүү катышып, айыл тургундарынын кан басымын өлчөп, ден соолук абалына көзөмөл жүргүзүштү. Ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу, туура тамактануу, сергек жашоо образын сактоо жана өз убагында медициналык кароодон өтүүнүн мааниси тууралуу кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары, иш-чарага келе албай калган жарандардын үйлөрүнө барып, алардын кан басымын текшерип, ден соолук абалына көңүл бурушту. Айыл элинин саламаттыгына өзгөчө кам көрүп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн ден соолук комитетинин мүчөлөрүнө жана ФАП кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз. . |
| 57. | Алыскы сарайлардан келген окуучуларды ташып келүүгө автомашина уюштуруу
|
Айыл өкмөтү тарабынан Спринтер автоунаасы окуучуларды жана бала бакча катышуучу балдарды ташуу боюнча иш алып барат | Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы *«Спринтер» үлгүсүндөгү автоунаа* окуучуларды мектепке ташып келүү жана кайра үйлөрүнө жеткирүү, ошондой эле бала бакчага баруучу балдарды ташуу үчүн бекитилип, тиешелүү каттам боюнча иш алып барууда.
Айыл өкмөтү тарабынан алынган «Спринтер» автоунаасынын жардамы менен алыскы аймактардан келген окуучулар жана бала бакчага баруучу балдар өз убагында ташылып, алардын билим берүү мекемелерине үзгүлтүксүз катышуусу камсыздалды. Транспорт каражатын пайдалануу жана каттамдардын үзгүлтүксүз аткарылышы айыл өкмөтү тарабынан көзөмөлгө алынды. |
| 58.. | Бириккен улуттар уюмунун бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасына 2026-жылда сунушталуучу долбоорлор | Дуйнолук азык- тулук программасына Эрозия жаратып жаткан Нарын дарыясынын жээгин түркүк орнотуп тор зым менен тосуу долбоорун даярдоо ɵткɵрүү жана аз камсыз үй бүлɵɵлɵрдүн тизмесин түзүү боюнча иш алып баруу жазылат | Жергиликтүү бюджеттен каралган 172000 сом акча каражатына керектүү материалдар алынып келип, Аз камсыз болгон 15 жаран эрозия жаратып жаткан жардын жээгин 500метр аралыкты тосуу ишин аткарышты |
| Дуйнолук азык- тулук программасына Жан-Булак айылындагы селден коргоочу каналды жаңылап тазалоо. Көпүрө салуу, айылды аралап өткөн каналга кошуу долбоорун даярдоо ɵткɵрүү жана аз камсыз үй бүлɵɵлɵрдүн тизмесин түзүү боюнча иш алып баруу | Көпүрөгө керектүү шакекчелер алынып келээри менен иш аткарылат
|
||
| Дуйнолук азык- тулук программасына кɵрүстɵндɵрдүн айланасын тосуу , мамыларды орнотуу долбоорун даярдоо, ɵткɵрүү жана аз камсыз үй бүлɵɵлɵрдүн тизмесин түзүү боюнча иш алып баруу | Бүгүнкү күндө *айыл элинин активдүү колдоосу менен кара жолдун жээгинде жайгашкан “Сорт” участокгунун 3гекта р айланасын тосуу иштери жүргүзүлдү. Айыл тургундардын колдоосу демөөрчүлүгү менен 590 миң сомго материалдар алынып тозулду* Ошондой эле айыл ичиндеги көрүстөндөрдү айланасын тосууга жалпы 900 ,0 с керектелет .жергиликтүү бюджеттен 217 мин сом бɵлүнɵп калган акча каражаты айыл тургундары чогултулуп жатат. | ||
| 59. | Жаш өспүрмүдөр арасында зордук зомбулукту , кылмыыштуулукту жана үй бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча ата-энелерарасында окуу семинарларды уюштуруу
|
Жаш өспүрмүдөр арасында зордук зомбулукту , кылмыштуулукту жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча ата-энелерге РОВД, Билим берүү, Прокуратура НРАСЭМБ мекемелери аркылуу окуу семинарлар уюштурулат
|
Жаш өспүрмүдөр арасында зордук зомбулукту , кылмыштуулукту жана үй бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча ата-энелер арасында окуу семинарлар дайыма уюштурулуп келет. Нарын РОВДнын башчысынын орун басары Т.Ашырбаев тарабынан А.Жутакеев мектебинин окуучулары жана ата-энелери менен биргеликте Ж.Ишеналиев атындагы айылдык клубунда зордук-зомбулукту алдын-алуу боюнча иш чара болуп өттү. |
| 60. | Көмүр базаларын уюштуруу ,көмүрдүн баасын негизсиз жогорулашын болтурбоого карата көзөмөл жүргүзүү, | Көмүр базаларын талаптарга ылайык уюштуруу жана каттоодон өткөрүү
Көмүрдүн запасын түзүү, жеткирүүчүлөр менен келишим түзүү жана жеткиликтүүлүгүнө туруктуу мониторинг жүргүзүү
Көмүрдүн сатуу бааларына көзөмөл жүргүзүү, рейддик текшерүүлөрдү уюштуруу
|
Көмүр базаларын талаптарга ылайык уюштуруу жана каттоодон өткөрүү, көмүрдүн запасын түзүү, жеткирүүчүлөр менен тиешелүү келишимдерди түзүү жана көмүрдүн жеткиликтүүлүгүнө туруктуу мониторинг жүргүзүү боюнча иштер аткарылууда.
Кара кече кɵмүр кени менен 400 тоннага келишим түзүлүп Достук айылына калкка 5500 сомдон келип Ат-Башы ГЭС мекемеси тарабынан таратылууда. Ошондой эле Жан-Булак айыл элине муниципалдык ишканасынын техникалары менен тартылып 6000 – 6500 сомдон атайын уюшулган кɵмүр базага келип түшүүдɵ. Бүгүнкү күнгɵ 65 тонна сатылды.
|
| 61. | Турак жай салууга Жерлерди трансформациялоо | Жан-Булак: Гараж участкасынан 15 га жер аянтын транформациялоо, турак жайга жер тилкелерин бөлүп берүү:
Достук: Ген пландын негизинде кеңейтилүүгө берилен жерлерди трансформациялоо.
|
Гараж участкасынан 13,92 га жер аянтын транформациялоого иш кагаздарына тиешелүү министрликтер уруксаат кагаздары алынып ,азыркы учурда археологиялык изилдɵɵ жүрүп жатат.Трансформациялоого даярдалууда |
| Билим берүүнү өнүктүрүү | |||
| 62.
|
Китеп окууга шыктандыруу жана учурдагы кɵйгɵй болгон инновациялык технологиялардын ɵнүгүүшүнɵ байланыштуу китеп окуу кɵндүмдɵрүнүн азайышына бɵгɵт коюу | -Коомчулукту китеп окууга шыктандыруу максатында ата-эне, мугалим ,мектеп окуучулар арасында Китеп окуу конкурсун уюштуруу менен балдардын убакытты туура пайдаланууга үйрɵтүү | 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Ж.Ишеналиев атындагы айылдык клубунда майрамдык иш-чара өтүү планы түзүлүп, пландын негизинде иштер алынып барылат.
Жан-Булак айыл өкмөтү тарабынан Карга жана Сере жайлоолорунда эмгектенип жаткан чабандар үчүн маданий-эс алуу иш-чарасы уюштурулду. Иш-чаранын алкагында айыл аймагынын китепканачылары жайлоолорго атайын китептерди, гезит-журналдарды алып барып, чабандардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн китеп окуусуна шарт түзүштү. Ошондой эле балдар үчүн жаш өзгөчөлүгүнө ылайыкташкан көркөм адабияттар сунушталып, китептер менен тааныштырылды. Мындан тышкары, «Кыргызстан — жүрөгүмдөгү ыйык мекеним» аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулуп, анда мекендин тарыхы, маданияты, салт-санаасы жана улуттук баалуулуктары тууралуу китептер коюлду. Мындай иш-чаралар жайлоодо эмгектенип жаткан чабандарга маданий кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга, китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга жана жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоого багытталган. Ошондой эле балдар үчүн «Чоң ата, чоң апамдын жомок сааты» өткөрүлүп, жомоктор айтылды. Жаш окурмандар «Курманбек» дастанынан үзүндү айтып беришти. Иш-чара катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулап, балдардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттырды. 5-октябрга жалпы билим берүү мектептеринин мугалим жана окуучулары үчүн Гапыр Мадемилов агайдын командасы менен сүйлɵшүү жүргүзүлүп билим берүү жаны методикалык ыкмалары боюнча семинар уюштурулат.
|
| Медицина тармагын өнүктүрүү | |||
| 63.
|
Медико-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу, медициналык тейлѳѳнүн эффективдүүлүгүн арттыруу
|
Калкка медициналык тейлѳѳ ишинин үзгүлтүксүз жүрүшү, балдардын, энелердин ѳлүмүнүн кѳрсѳткүчтѳрүн кыскарышы, улгайган адамдардын кан басым, жүрѳк оорулары, нерв ооруларынын ж.б. санын кыскартуу
Атайын учетто турган жугуштуу оорулар менен ооруган беш жаранга жергиликтүү бюджеттен даректүү жардам кѳрсѳтүү. |
18-май күнү Жан-Булак айыл аймагында жүрөк-кан тамыр ооруларын эрте аныктоо жана алдын алуу максатында “Саламат жүрөк – чек-аптан өт” аттуу акция өткөрүлдү.
Иш-чарага ден соолук комитетинин мүчөлөрү жана ФАП кызматкерлери активдүү катышып, айыл тургундарынын кан басымын өлчөп, ден соолук абалына көзөмөл жүргүзүштү. Ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу, туура тамактануу, сергек жашоо образын сактоо жана өз убагында медициналык кароодон өтүүнүн мааниси тууралуу кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары, иш-чарага келе албай калган жарандардын үйлөрүнө барып, алардын кан басымын текшерип, ден соолук абалына көңүл бурушту. Айыл элинин саламаттыгына өзгөчө кам көрүп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн ден соолук комитетинин мүчөлөрүнө жана ФАП кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз. Жергиликтүү бюджеттен атайын учетто турган кургак учук менен ооруган 6 адамга ар бирине 3000 сомдон жалпы 18,0 бруцеллез менен ооруган 8 адамга 2000 с 16000 каралып банктан ачылган ɵздук эсеперине которулуп берилген |
| 64. | Келечек муунга туура тарбия жана билимге багыт корсотуу, аларды сергек жашоо образына
Багытоо боюнча иш алып баруу |
Туура тамактануу ,баланы туура тарбиялоо жана коомдогу болуп жаткан терс кɵрүнүштɵрдүн алдын алуу максатында мугалимдер , мектеп окуучулары, ата энелер, медицина кызматкерлери менен биргеликте трениинг жолугушуу ,теерек стол уюштуруу. Окутуу, семинарларды ɵтүү үчүн бей ɵкмɵт уюмдарды, тренерлерди тартуу. |
|
| Спорт , маданият тармагын ɵнүктүрүү | |||
| 65. | Спорт комплекстин жана айыл тургундарынын ден -соолукту чындоо шарттарын жакшыртуу, жаштардын дене тарбия жана спортко улуттук оюндарга кызыгуусун жогорулатуу. Курама командаларды топтоо. | Т. Апалиев атындагы спорт комплексинин ишмердүүлүгүн жакшыртуу : воркаут аянтчасын куруу жана спорттук инвентарлар менен камсыз кылуу
– Нарын райондук спорт мектеби менен биргеликте штаттык бирдиктерди кошумча ачуу менен спорттук иш-чараларды өткөрүү. – Жергиликтүү коомчулукту жана жеке демөөрчүлөрдү долбоорго тартуу. -Кыргыздын улуттук каада салттарын коштоо менен ат оюндарынын мелдешин уюштуруу,улуттук оюндарды жакшыртуу максатында айылдарда даталуу күндɵрдɵ команда түзүү, ордо, кѳк бѳрү боюнча мелдештерди ѳткѳрүү демѳѳрчүлѳрдүн негизинде. |
спорт комплекстин материалдык техникалык базасын жакшыртуу максатында 900 000 мин сомго “Т.Апсалиев атындагы спорт комплексине спорт инвентарларды алуу” боюнча долбоору Нарын райондук өнүктүрүү фодусуна тапшырылып, жактырылган. Спорт комплекске спорт инвентарлары 815 575 сомго ОсОО Фактура фирмасы тарабынан алынып келинген жана толугу менен кабыл алынган.
Достук айылында заманбап спорт комплексин куруу боюнча жалпы наркы 25 млн сом өлчөмүндөгү долбоорго ПСД даярдалып, баардык тиешелүү иш кагаздары бүткөрүлгөн жана учурда Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү кайтарымсыз жардам жана техникалык кызматташтык долбоорлоруна катышуу үчүн заявка берилген.
-Кыргыз элинин улуттук каада-салттарын, үрп-адаттарын, маданий мурастарын сактоо жана кийинки муундарга өткөрүп берүү максатында айыл аймагында бир катар маданий жана спорттук иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлдү. Жаштар арасында кыргыз элинин каада-салттарынын маанисин түшүндүрүү, улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттыруу багытында иш-чаралар өткөрүлүп, улуттук оюндар жана салттуу маданий мурастар кеңири жайылтылды. Айрыкча улуулардан жаштарга салт-санааны, нарк-насилди жана элдик үрп-адаттарды үйрөтүүгө көңүл бурулду. Айыл жаштары менен биргеликте майрамдарда ат оюндары өткөрүлүп келет |
| 66. | Мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү | Клубдар, китепканалар, мектептер, бала-бакчаларда семинарларды ѳткѳрүү, мектептерде ачык сабактарды, кароо-сынактарды уюштуруп ѳткѳрүү, айыл аймактарда кɵрүнүктүү жерлерде илинген кɵрнɵк жарнактардын мамлекеттик тилде болуусуна кɵзɵмɵл жүргүзүү | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы №481 «2026–2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтомун колдоо жана анын талаптарын жергиликтүү деңгээлде ишке ашыруу максатында Жан-Булак айыл өкмөтүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана анын коомдогу колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө багытталган иштер системалуу түрдө жүргүзүлүп келет.
«Мамлекеттик тил – улуттун дили» аттуу темада жалпы билим берүү мекемелеринде, китепканаларда жана маданият үйлөрүндө тил майрамдары, адабий-музыкалык кечелер жана башка маданий иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлүүдө. Бул иш-чаралар жаш муундарга эне тилди урматтоого, кыргыз тилин терең үйрөнүүгө жана анын кадыр-баркын жогорулатууга багытталууда. Мындан сырткары, Жан-Булак айыл өкмөтүнүн расмий сайты жана социалдык тармактардагы баракчалары мамлекеттик тилде жүргүзүлүп, коомчулукка жарыяланган маалыматтардын мамлекеттик тилде жеткиликтүү болушуна өзгөчө көңүл бурулууда. Мекемелерде мамлекеттик тилдин колдонулушунун абалын жакшыртуу максатында квартал сайын жүргүзүлүүчү ишмердүүлүктү баалоо менен бирге, көрнөк-жарнактардын, маалыматтык такталардын жана башка жазуулардын мамлекеттик тилде туура жана талапка ылайык жазылышы текшерилип турат |
| 67. | Маданият жана искуство мекемелеринин материалдык-техникалык базаларын жакшыртуу.
|
Клубдарда, китепканалардын материалдык-техникалык базаларын чындоо (жаны китепкана утурумдук ремонтторду ѳткѳрүү)
Демѳѳрчүлѳр тарабынан, китепканалардын китеп фондусун кѳбѳйтүү |
Жан-Булак айылдык китепканасында окурмандар үчүн заманбап, ыңгайлуу шарттарды түзүү, китепкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана китеп фондун толуктоо багытында бир катар иштер жүргүзүлдү.
Китепкананын ички абалын жакшыртуу максатында өздүк салымынын эсебинен 40,0 миң сом өлчөмүндө каражат жумшалып, ички жасалгалоо жана оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле китептерди иреттүү жайгаштыруу жана сактоо үчүн стеллаждар заманбап талаптарга ылайыкташтырылып, китепканага келген окурмандар үчүн жарык, таза жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Мындан тышкары, 2026-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен Жан-Булак айылдык китепканасына 15,0 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп, анын эсебинен китепкананын ички оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлдү. Бул иштер китепкананын санитардык жана эстетикалык абалын жакшыртууга, окурмандар үчүн жагымдуу чөйрө түзүүгө өбөлгө түздү. Китепканаларды китеп фондун заманбап жана жаңы адабияттар менен толуктоо максатында 40 миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралып, китеп сатып алуу боюнча тиешелүү тендердик иш-чараларга багытталды. Анын негизинде китепкананын фондун көркөм адабияттар, балдар адабияты, тарыхый жана таанып-билүүчүлүк багыттагы китептер менен толукталды. |
| 68. | Жан-Булак айылына жаштар үчүн заманбап сейил бак куруу | – Жаштарга ылайыктуу ачык мейкиндик түзүү.
– Сейил бакты заманбап дизайн жана ыңгайлуу инфратүзүм менен камсыз кылуу. – Коопсуздук жана таза чөйрөнү сактоо. -Сейил бактын планы, жолдору, отургучтар, оюн аянтчалары, спорттук жабдуулар жана жашылдандыруу боюнча долбоор түзүү. |
Жан-Булак айылына жаштар үчүн заманбап сейил бак куруу боюнча ПСД даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат .2027-жылга долбоорлорго сунушталат. |
| 69. | Жаштарды коомдук иштерине катышуусунда активдүүлүгүн күчѳтүү | Айылдын жаштар уюмдарынын ѳкүлдѳрүн жаштар борборлору менен биргеликте түзүлгѳн иш-чаралар планын аткаруу
Ишкерлерди табуу, жаштар коомун түзүү, жаштарды кѳтѳрүү менен социалдык маселелерди чечүү |
Жан-Булак айыл аймагына караштуу Жан-Булак жана Достук айылдарында жаштар уюмдары түзүлүп, жаштар менен ар тараптуу иштер жүргүзүлүп келет. Жаштар уюмдарына атайын КБФтан жер тилкелери бөлүнүп берилип, жаштарды колдоо, алардын демилгелерин ишке ашыруу жана айыл аймагындагы социалдык маселелерди чечүүгө тартуу багытында тыгыз иштер алып барылууда.
Достук айылында капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн футбол аянтчасынын Ачылыш аземинин алкагында Жан-Булак айыл өкмөтүнүн кубогу үчүн «Достук – айыл ынтымагы» аталышындагы футбол боюнча спорттук мелдеш уюштурулду. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчү жана байгелүү орундарга ээ болгон командаларга кубок, диплом жана медалдар тапшырылды. Жаңыдан пайдаланууга берилген футбол аянтчасы жаштарды спортко тартууга, сергек жашоо образын калыптандырууга, айыл аймагында спорттун өнүгүшүнө жана жаштардын өз ара ынтымагын бекемдөөгө чоң өбөлгө түзөт деген ишенимдебиз. |
| ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ | |||
| 70.
|
Жан-Булак айыл аймагынын айыл башындагы түндүк- чыгыш тарабындагы Нарын дарыясынын нугу буруу | Бул маселе акыркы 4–5 жылдан бери көтөрүлүп келет. II Элдик Курултайда маселе Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылып, 2024-жылдын иш планына киргизилген. 2024-жылдын күз айларында ӨКМ тарабынан оор техника тартылып, туурасы 12–16 метр, тереңдиги 2–4 метр, узундугу болжол менен 500 метр болгон канал казылган. 2025-жылдын жаз-жай мезгилинде суу ошол канал аркылуу агып турган. Бирок дарыянын нугу толук бурулбай калгандыктан жээктин урашын токтотууга мүмкүн болгон жок. Учурда төмөнкү иштерди аткаруу зарыл деп эсептейбиз:
|
Жан-Булак айыл аймагынын айыл башындагы түндүк- чыгыш тарабындагы Нарын дарыясынын нугун буруу боюнча Нарын шаардык жана Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы менен биргеликте болгон жыл жыйынтыктоо жыйыныныда, бул маселе Республикалык денгээлде болгондуктан 2026-жылдын титулуна киргендиги билдирилди. Ири суммадагы акча каражаты талап кылынгандыгына байланыштуу 2026-жылы Нарын дарыясынын нугун буруу иши ӨКМне сунушталган.
Ал эми адамдардын жана мал жандыктарынын коопсуздугун сактоо максатында эрозия жаратып жаткан жардын жээги 500метр тор зым менен тосулду.. |
| 71. | Нарын дарыясынын сол жээгиндеги, Жан-Булак айылынын түштүк бѳлүгүндѳгү калктуу конушка коркунуч жараткандыктан жардын жээгин зым тосмо менен тосуу
|
Бул үчүн бюджетте 2025-жылдын бюджетине каралган акча каражатынан узундугу 50 болгон 6 даана тосуучу зым тосмолор алынган. Жаз айынын келиши менен жер катмары жумшарганда айыл тургундарын уюштуруп, жардын жээгинин 500 метр аралыгын тосуу ишин баштоо. | Нарын дарыясынын сол жээгиндеги, Жан-Булак айылынын түштүк бѳлүгүндѳгү калктуу конушка коркунуч жараткандыктан жардын жээгин зым тосмо менен тосуу ишьерин жүргүзүү боюнча БУУнун Азык-Түлүк программасынын негизинде ишке ашыруу максатында долбоор жазылды. Бул долбоор аркылуу айыл тургундарындагы аз камсыз үй-бүлөөлөрдөн 15 адам иштеди жана 500 метр аралыктагы жардын жээги тосулду.. |
| 72. | Өзгѳчѳ кырдаал абалын алдын алуу жана жарандык коргонуу иштерин уюштуруу.
|
Айыл аймагындагы кооптуу участкаларга мониторинг жүргүзүү , жарандык коргонуу аракеттерине техникалардын менчик түрүнѳ карабай тартуу ыкчам тобун түзүү, сел каптоочу жайларга алдына алуу иштерин уюштуруу,каналдарды тазалоо жээктерди бекемдѳѳ менен бак дарактарды тигүү, ѳрт коопсуздугун алдына алууга керектүү жабдыктардын запасын даярдоо,ѳзгѳчѳ кырдаалдар боюнча жарандык коргонуу ыкчам топторун уюштуруу жана социалдык мекемелерде окутуу иштерин уюштуруу, таза суу түтүгүнѳ ѳрт гидранттарын орнотуу. | Өзгѳчѳ кырдаал абалын алдын алуу жана жарандык коргонуу иштерин уюштуруу максатында Жан-Булак айыл аймагындагы 2 айылдан биригип 20 мүчөдөн турган жарандык коргонуу боюнча ыктыярдуу кошуундары түзүлүп, буйругу чыгарылды. Ал эми кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүлүп, 2 айылда сууга түшүп кетүү коркунучу бар жерлдер аныкталган жок.
2026-жылдын 30-31-июль күндөрү Нарын шаардык жана Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүүмү тарабынан айыл аймактын жарандык коргоо абалын баалоо жүргүзүлдү.
|
| 73. | Айыл аймагындагы турак жайларды камсыздандыруу | Айыл аймагындагы социалдык обьектилерди жана жеке менчик турак жайларды милдеттүү түрдѳ камсыздандыруу. | Бүгүнкү күнгө карата 328 турак жай камсыздандырылды. |
| 74. | Коррупцияга жана диний экстремизимге каршы күрѳшүү | Мамлекеттик органдардын кызмат кѳрсѳтүүсүндѳ коррупциялык иш-аракеттерге бѳгѳт коюу. Коррупцияга жол берүүчү мекеме ишканаларды аныктоо, коорупцияга жол бербѳѳ чараларды кѳрүү | Коррупцияга жана диний экстремизимге каршы күрѳшүү боюнча айыл аймактагы жалпы билим берүү мекемелеринде мектеп мугалимдери жана имамдын катышуусунда мектеп оуучуларына ар кандай форматтагы окутуулар, тегерек столдор жана лекциялар өткөрүлүүдө. |
| Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу
|
|||
| 75. | Кыргыз Республикасынын18.05.2025-жылдагы №103 «Сырткы видеобайкоо жөнүндө » Мыйзамына ылайык , балдардын коопсуздугун алдын алуу максатында билим берүү мекмелерине кырдаалдык борборуна кошулуучу видеокамераларды орнотуу .
|
Сырткы видеобайкоо жөнүндө Мыйзамына ылайык айыл аймагы үчүн видеокамералар сатылып алынат жана УВД байкоо тутумуна кошулат | Кыргыз Республикасынын1 8.05.2025-жылдагы №103 «Сырткы видеобайкоо жөнүндө » Мыйзамына ылайык , балдардын коопсуздугун алдын алуу максатында билим берүү мекмелерине кырдаалдык борборуна кошулуучу видеокамераларды орнотуу максатында 2026-жылдын жергиликтуу бюджетинен акча каражатыв каралып, А.Жутакеев атындагы жалпы билим берүү мектебине камера орнотулууда |
| 76. | 2023-жылдын 17-июлундагы №140 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылууда коомдук жайлардагы жарнактардын аталыштарын мыйцзамга ылайык жазуу жана көрнөк жарнактарды ондоо , ирээтке келтирүү . | Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылууда
коомдук жайлардагы жарнактардын аталыштарын мыйзамга ылайык жазуу жана көрнөк жарнактарды ондоо , ирээтке келтирүү иштери болуп жатат. |
|
| 77. | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 23.08.2022-жылдагы “2022-2028-жылдарга карата укук бузууларды алдын алуу чɵйрɵсүндɵгү мамлекеттик саясатын” Жан-Булак айыл ɵкмɵтүндɵ ишке ашыруу | Жан-Булак айыл аймагында укук бузган жарандар менен тыгыз иш алып баруу менен биргеликте укук бузуп, мыйзамга баш ийбегендерге жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү беренелер аркылуу айып пул салуу. | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 23.08.2022-жылдагы “2022-2028-жылдарга карата укук бузууларды алдын алуу чɵйрɵсүндɵгү мамлекеттик саясатын” Жан-Булак айыл ɵкмɵтүндɵ ишке ашыруу максатында 2026-жылга карата укук бузган 4 жаранга бузуулар кодексинин негизинде протокол түзүлүп айыптар салынды |
|
Жалпы 9айга 21 893815сом инвестиция тартылган Жергиликтүү бюджет 6 382 408сом бɵлүнгɵн. |
|||
Жан-Булак айыл өкмөт башчысы К.Токторалиев

