1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата Жан-Булак айыл аймагында улуу муунга урмат көрсөтүүгө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Жан-Булак жана Достук айылдарынан 70 жаштан ашкан 155тен ашуун ата-эне чакырылып, алардын ичинен 80ден ашуун ардактуу карыя катышты. 

Майрамдын жүрүшүндө кадырлуу конокторго жылуу каалоо-тилектер айтылып, сый-урмат көрсөтүлүп, дасторкон жайылды. Ошондой эле алардын жаш муундарды тарбиялоодогу орду жана коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы белгиленди. 
Жан-Булак айыл өкмөтү





