Жан-Булак айыл аймагынын Достук айылында капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Каримов Залкарбек Абдурасулович, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл аксакалдары, атайын чакырылган коноктор жана жергиликтүү тургундар катышып, жаңы спорттук жайдын ачылыш аземине күбө болушту.
Футбол аянтчасын оңдоо иштерине Жан-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1 миллион 400 миң сом каражат бөлүнүп, тендердин жеңүүчүсү болгон «СК Идеал ЛТД» ОсООсу тарабынан капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Аянтчага заманбап жасалма газон төшөлүп, учурда пайдаланууга толук берилди.
Ачылыш аземинин алкагында Жан-Булак айыл өкмөтүнүн кубогуна арналган «Достук айыл ынтымагы» аталышындагы футбол боюнча спорттук мелдеш уюштурулуп, жеңүүчү жана байгелүү орундарды камсыз кылган командаларга кубок, грамота жана медалдар тапшырылды.
Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолуп, айыл тургундарынын демөөрчүлүгү менен келген конокторго жана жалпы элге сый тамак уюштурулду.
Жаңыдан пайдаланууга берилген футбол аянтчасы жаштарды спортко үндөп, сергек жашоо образын калыптандырууга, ошондой эле айылдагы спорттун өнүгүшүнө жана ынтымактын бекемделишине чоң салым кошот деген ишенимдебиз.






