ЖАН-БУЛАК АЙЫЛЫНДА “ШАЙЫРБҮБҮ АПА” БАЛДАР АЯНТЧАСЫНЫН АЧЫЛЫШЫ БОЛДУ

🎉 ЖАН-БУЛАК АЙЫЛЫНДА “ШАЙЫРБҮБҮ АПА” БАЛДАР АЯНТЧАСЫНЫН АЧЫЛЫШЫ БОЛДУ 🎈
1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жан-Булак айыл аймагына караштуу Жан-Булак айылындагы Сабыр уулу Сейдилда көчөсүндө “Шайырбүбү апа” балдар аянтчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Аталган балдар аянтчасы Нарын райондук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен 2025-жылы Жан-Булак айыл өкмөтү тарабынан даярдалган долбоордун негизинде ишке ашырылды. Долбоордун алкагында Жан-Булак айылына 5, Достук айылына 2 балдар ойноочу аянтчанын инвентарлары бөлүнүп берилип, бүгүн алардын алгачкысы пайдаланууга берилди.
Балдар аянтчасына 10 баланы тарбиялап өстүргөн ардактуу эне Көбөнова Шайырбүбү апанын ысымы ыйгарылды. Анын кичүү уулу өзүнө тиешелүү 15 сотых жер тилкесин айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берип, бул саамалыктын ишке ашуусуна чоң салым кошту.
Мындан тышкары, Шайырбүбү апанын балдары аянтчанын аймагын көрктөндүрүүгө жана кошумча инвентарларга өз каражаттарынан жардам көрсөтүшүп, көчө тургундарынын демилгеси менен айланасы тосулуп, балдардын коопсуз эс алуусу үчүн бардык шарттар түзүлдү.
Ачылыш аземи куран окутуу менен башталып, андан соң расмий бөлүгү өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө айыл өкмөтү тарабынан Шайырбүбү апанын балдарына Ыраазычылык каттар тапшырылып, бул демилгенин башында турган Абдыраманов Шүкүрбек айылдын социалдык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Жергиликтүү кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Жаңы аянтча айылдын бөбөктөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, алардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүк ачат. Майрамдын урматына айыл өкмөтү жана Шайырбүбү апанын балдары тарабынан келген бөбөктөргө балмуздак таратылып, майрамдык маанай тартууланды.
Балдардын күлкүсү жаңырып, кубанычы арткан мындай саамалыктар айыл элинин ынтымагын бекемдеп, келечек муундар үчүн жасалган баалуу белек болуп кала бермекчи. 🌸👧🧒⚽️🎈

Leave a Reply