Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын        IV кезексиз  сессиясынын        ТОКТОМУ № 4/1

                                             Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын         

                                                                                            IV кезексиз  сессиясынын

                                                                                                        ТОКТОМУ № 4/1

  24-апрель   2026-жыл                                                                                                                               Жан-Булак айылы

Жан-Булак айыл аймагындагы ички жолдорду оңдоо үчүн атайын бөлүнгөн карьерден инерттик материалдарды (кум-шагыл) алууга уруксат берүү жөнүндө

          Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамынын 35-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Жан-Булак айыл аймагындагы    Госдорога – Жан-Булак унаа жолунун 0-2 чакырым аралыгын асфальттоо жана ички жолдорду иретке келтирүү максатында,     Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын IV кезексиз  сессиясы токтом кылат:

  1. Жан-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүү жана ички жолдорду оңдоо үчүн «Кара секи» участкасынан  инерттик материалдарды (кум-шагыл) алууга уруксат берилсин.
  2. Белгиленген жумуштар үчүн зарыл болгон кум-шагылдын жалпы аянты 0,10 га деп бекитилсин.
  3. Кум-шагылды казып алуу, жүктөө жана ташуу иштерин жүргүзүү №8 Жол тейлөө ишканасына (ЖТИ-8) жүктөлсүн.
  4. Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына:

-Карьерден материалдарды алууда белгиленген чектерден (граница) чыкпоону жана    техникалык коопсуздукту камсыз кылууну;

– Казып алынган материалдардын максаттуу (бир гана жол оңдоого) колдонулушун

катуу көзөмөлгө алуу тапшырылсын.

  1. №8 Жол тейлөө ишканасы карьерди иштетүүдө экологиялык ченемдерди сактоого жана казып алуу иштери аяктагандан кийин тилкени иретке келтирүүгө (рекультивациялоого) милдеттендирилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
  3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрайым                                                                                                 А.Өзгөрүшова

 

 

Leave a Reply