Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын II кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 2/1
02-апрель 2026-жыл Жан-Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 2026-жылдын 2-февралындагы № 1/1 «Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2026-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү» жѳнүндѳ токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 2026-жылдын 2-февралындагы № 1/1 «Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2026-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү» жѳнүндѳ токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ айыл ѳкмѳт башчысы К. М. Токторалиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын II кезектүү сессиясы токтом кылат:
- 2026-жылга карата бекитилген бюджетте 3-кварталга «Резервдик фондго» каралган акча каражатынын 75000 (жетимиш беш мин) сому 2-кварталга жылдырылсын.
- Токтомдун ишке ашырылышын камсыз кылуу жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн бѳлүм башчысы Казыбек кызы Анарага милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Токторалиевге милдеттендирилсин.
Төрайым А. Ѳзгѳрүшова
