Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын II кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 2/2
02-апрель 2026-жыл Жан-Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 2-февраль 2026-жылдагы № 1/4 «2026-жылдын башына карата калган акча каражатын пайдалануу» жѳнүндѳ токтомдоруна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 2026-жылдын 2-февралындагы № 1/4 «2026-жылдын башына карата калган акча каражатын пайдалануу» жѳнүндѳ токтомдоруна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ айыл ѳкмѳт башчысы К. М. Токторалиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын II кезектүү сессиясы токтом кылат:
1.Достук айылдык клубунун айланасын тосууга каралган 1069000 (бир миллион алтымыш тогуз мин) сом акча каражаты башкаруу аппаратынын счетуна отуруп калгандыктан, клубдун счетуна жылдырылсын.
2. Токтомдун ишке ашырылышын камсыз кылуу жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн бѳлүм башчысы Казыбек кызы Анарага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Токторалиевге милдеттендирилсин.
Төрайым А. Ѳзгѳрүшова
