ДОСТУК АЙЫЛЫНДА ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫНЫН АЧЫЛЫШ АЗЕМИ ӨТКӨРҮЛДҮ
Жан-Булак айыл аймагынын Достук айылында капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Каримов Залкарбек Абдурасулович, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл аксакалдары, атайын чакырылган коноктор жана жергиликтүү тургундар катышып, жаңы спорттук жайдын ачылыш аземине күбө болушту. Футбол аянтчасын оңдоо иштерине…