Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан Новосибирск мамлекеттик облустук илимий китепканасы менен биргеликте Эл аралык Ак Илбирс күнүнө карата жаштар арасында эссе жана сүрөт (иллюстрация) сынагы өткөрүлүүдө.

📢 КУЛАКТАНДЫРУУ!

Урматтуу Жан-Булак айыл аймагынын жаштары, мектеп окуучулары, мугалимдер жана ата-энелер!

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан Новосибирск мамлекеттик облустук илимий китепканасы менен биргеликте Эл аралык Ак Илбирс күнүнө карата жаштар арасында эссе жана сүрөт (иллюстрация) сынагы өткөрүлүүдө.

Сынактын негизги максаты – жаштардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү, жаратылышты жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоонун маанисин кеңири жайылтуу, ошондой эле Кыргызстандын символу болгон ак илбирсти сактоо боюнча коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.

📝 Сынактын багыттары:
✍️ Ак илбирс темасында эссе жазуу;
🎨 Ак илбирс темасында сүрөт (иллюстрация) тартуу.

👥 Катышуучулар: мектеп окуучулары жана жаштар.

📅 Сынакка иштерди кабыл алуу мөөнөтү:
2026-жылдын 1-августунан 20-сентябрына чейин.

📧 Даяр болгон иштерди төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү керек:
a.korolova@nso.ru

Жан-Булак айыл аймагынын бардык чыгармачыл жаштарын жана окуучуларын бул эл аралык сынакка активдүү катышууга чакырабыз. Бул сиздер үчүн өз талантыңыздарды көрсөтүүгө, өлкөбүздүн жаратылыш байлыктарын даңазалоого жана жаратылышты коргоо идеясын жайылтууга чоң мүмкүнчүлүк.

📞 Толук маалымат алуу үчүн: 0555 565 962 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Урматтоо менен,
Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү.

Leave a Reply