Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын          XV кезектүү  сессиясынын ТОКТОМУ № 15/3

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын         

XV кезектүү  сессиясынын

ТОКТОМУ № 15/3

 

18-декабрь 2025-жыл                                                                                                                                Жан-Булак айылы   

           

Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан  маданият үйүнө ЛЭД экран   алуу  боюнча долбоорун бекитүү жана акча каражатын кароо жөнүндө

 

Жан-Булак  айыл аймагынын  айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдѳ Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан маданият үйүнө ЛЭД экран   алуу   боюнча долбоорун жактыруу  максатында жана айыл тургундарынын  2025-жылдын 18-декабрындагы       элдик жыйындын №10 протоколунун  негизинде   Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын  XV кезектүү   сессиясы токтом кылат:

                 

  1. Нарын облустук Тенир-Тоо   Ѳнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жобосуна ылайык, Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан маданият үйүнө ЛЭД экран   алуу   боюнча,  жалпы наркы 1 483 400 (бир миллион төрт жүз сексен үч мин төрт жүз) сомдук долбоору  бекитилсин.

 

  1. Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан маданият үйүнө ЛЭД экран алуу      боюнча долбооруна  жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым катары 148 340 (жүз кырк сегиз мин үч жүз кырк) сом акча каражаты артыкчылыктуу негизде бөлүнүп берилсин.

 

  1. Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл өкмөт башчысы К.Токторалиевге милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жан-Булак айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым                                                                                                                                   А.Өзгөрүшова

Leave a Reply