Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын  X кезектүү сессиясынын ТОКТОМУ № 10/6

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын         

X кезектүү сессиясынын

ТОКТОМУ № 10/6

15-октябрь 2025-жыл                                                                                                                                              Жан-Булак айылы

Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 28-январында бекитилген сметасына кошумча смета бекитүү жѳнүндѳ

 

Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылы бекитилген сметасына киреше салыгынан кошумча түшкѳн 1800000 (бир миллион сегиз жүз мин) сомго кошумча смета бекитүү максатында Жан-Булак  айыл ѳкмѳт башчысы К. М. Токторалиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын          кезектүү сессиясы токтом кылат:

  1. Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылы бекитилген сметасына киреше салыгынан кошумча түшкѳн 1800000 (бир миллион сегиз жүз мин) сомдун кошумча сметасы:
  • Достук айылындагы футбол аянтчасына атайын килем (газон) алуу жана жарыктандыруусун орнотууга 1783600,0(бир миллион жети жүз сексен үч мин алты жүз) сом бекитилсин. Мунун 1765900 (бир миллион жети жүз алтымыш беш мин тогуз жүз) сому футбол аянтчасын капиталдык ондоого, ал эми 17700(он жети мин жети жүз) сому техникалык кѳзѳмѳлдѳѳчүгѳ каралсын.
  • Айыл ѳкмѳттүн аппаратына бак кыркуучу (бензопила), чѳп чабуучу(сенокос) шаймандарын алууга 16400,0 (он алты мин тѳрт жүз) сом бекитилсин.
  1. Токтомдун ишке ашырылышын камсыз кылуу жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн бѳлүм башчысынын милдетин убактылуу актаруучусу Н. Чокоевага милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Токторалиевге милдеттендирилсин.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                                                                                К. Арстанбеков

 

Leave a Reply