Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын X кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 10/2
15-октябрь 2025-жыл Жан-Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн сметасына кошумча план суроо жѳнүндѳ
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылы бекитилген сметасына салык агенти тарабынан тѳлѳнүүчү киреше салыгынан кошумча түшкѳн 1800000 (бир миллион сегиз жүз мин) сомго кошумча план суроо максатында Жан-Булак айыл ѳкмѳт башчысы К. М. Токторалиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектүү сессиясы токтом кылат:
- Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын III кварталына карата салык агенти тарабынан тѳлѳнүүчү киреше салыгынан 11111100 тѳлѳм кодуна пландан ашык түшкѳн 1800000 (бир миллион сегиз жүз мин) сом акча каражатына кошумча план суралсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Токторалиевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомду каттодон ѳткѳрүп, jan-bular.gov.kg веб сайтына жарыялоо жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы Г. Маматбаевга милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары К. Арстанбеков
