Жан-Булак айыл өкмөтү социалдык колдоого муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына көңүл буруу максатында атайын иш-чара уюштурду.
Тактап айтканда, Жан-Булак жана Достук айылдарындагы социалдык колдоого муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн мектеп окуучулары үчүн 15-январь күнү Нарын шаарындагы муз аянтчасына бир күндүк эс алуу тартууланды.
Балдар айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган атайын маршрут менен коопсуз шартта алып барылып, кайра жеткирилди. Иш-чара учурунда окуучуларды социалдык педагог жана айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери коштоп жүрүштү.
Бул иш-чаранын негизги максаты — балдардын кышкы эс алуу мезгилин пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзүү, алардын ден соолугун чыңдоо жана көңүлдүү эс алышына мүмкүнчүлүк берүү болду.
Муз аянтчасында балдар коньки тебишип, жаңы тажрыйба алып, жакшы маанай менен эс алышты.
Жалпысынан иш-чарага 23 мектеп окуучусу катышты. Айыл өкмөтү мындан ары да социалдык багыттагы иш-чараларды улантып, балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошууну максат кылууда.


