Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин ⅩⅩⅠⅩ чакырылышынын ⅠⅩ кезексиз сессиясынын ТОКТОМУ № 9 /7

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин ⅩⅩⅠⅩ чакырылышынын

ⅠⅩ кезексиз  сессиясынын

ТОКТОМУ № 9 /7

 

01-сентябрь   2025-жыл                                                                                     Жан-Булак айылы

Жан-Булак айыл аймагындагы жеке менчикке турак жай курууга жер аянтын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык сунушталып жаткан турак жайлардын жер аянтын бекитип берүү жөнүндө

 

Жан-Булак айыл аймагындагы жеке менчикке турак жай курууга жер аянтын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык сунушталып жаткан турак жайлардын жер аянтын бекитип берүү тууралуу талкуулап Жан-Булак айылдык Кенешинин XXIX чакырылышынын ⅠⅩ кезексиз  сессиясы  токтом кылат:

  1. Жан-Булак айыл аймагындагы жеке менчикке турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер аянты 1000 чарчы метр менен бекитилсин.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын сунушталып жаткан турак жайлардын жер тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык сунушталып жаткан турак жайлардын жер аянты 2500 чарчы метрден  ашырбастан жана пайдаланып жүргɵн жер аянттары менчигине бекитилсин.

 

  1. Ушул токтом айыл ө кмөтү      аркылуу   каттоодон   өткөрүлүп,   jan-bulak.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик   актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмɵтүнүн башчысы К.Токторалиевге милдеттендирилсин

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Айыл чарбасы, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жер,муниципалдык менчик,   архитектура, курулуш, транспорт жана экология  маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

            Төраганын орун басары                                                           К.Арстанбеков

 

 

 

 

 

 

Leave a Reply