Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын IX кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ № 9/6
01-сентябрь 2025-жыл Жан-Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагына караштуу Ж.Ишеналиев атындагы маданият үйүнө инвентарларды алуу боюнча долбоорун жактыруу жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдѳ Жан-Булак айылында жайгашкан Ж.Ишеналиев атындагы маданият үйүнө инвентарларды алуу боюнча долбоорун жактыруу максатында жана айыл тургундарынын 2025-жылдын 22-августундагы элдик жыйындын №07 протоколунун негизинде Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын IX кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Нарын райондук Ѳнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жобосуна ылайык, жалпы наркы 1 368 500 (бир миллион үч жүз алтымыш сегиз мин беш жүз) сомду түзгѳн Жан-Булак айыл аймагына караштуу Ж.Ишеналиев атындагы маданият үйүнө инвентарларды алуу боюнча долбоору бир добуштан жактырылсын.
- Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл өкмөт башчысы К.Токторалиевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жан-Булак айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары К. Арстанбеков
