2025-жылдын 16-апрелинен 18-апрелине чейин Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагында Нарын облусунда айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны өнүктүрүү программасынын алкагындагы пилоттук жамааттар үчүн тажрыйба алмашуу максатында
Ак-Талаа районунан Баетов, Кайыңды-Булак айылдары Кочкор районунан Исакеев, Кара-Тоо, Кочкор, Молдо-Кылыч айылдары Жумгал районунан Чаек, Беш-Терек, Арал, Кичи-Арал, Лама айылдарынын айыл өкмөтттөрдүн муниципалдык ишканалардын кызматкерлери жана суу комитеттеринин демилгелүү топтордун мүчөлөрү Жан-Булак айыл аймагындагы “АРИС”тин “Айыл аймактарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу ” долбоорунун алкагында ишке ашырылган таза суу менен камсыз болууда башкы суу алуучу объект, суу менен камсыздоо системасынын курулуш-мантаждоо иштери, суу эсептегичтер аркылуу үйлөрдүн туташуусу жана суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоо жана келечектеги пландары жөнүндө Жан-Булак айылына келип тажырыйба алмашуу менен бирге кенен маалымат алышты Ошондой эле А.Жутакеев атындагы орто мектепке барып мектептин санитардык-техникалык каражаттарынын курулуш-монтаждоо иштери менен таанышуу жүргүзүлүп жатат.




