2025-жылдын 22-августунда Жан-Булак айыл аймагынын жаңы дайындалган айыл өкмөтүнүн башчысы Токторалиев Кубанычбек Мукашович Жан-Булак жана Достук айылдарынын социалдык объектилерин кыдырып, мекеме жетекчилери жана айыл тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун негизги максаты – айыл тургундарынын көйгөйлөрүн жана сунуштарын угуу, жергиликтүү көйгөйлөрдү жеринен көрүп таанышуу болду.
күзгү оруп-жыюу иштерин уюштуруу жана комбайндардын даярдыгы;
көчүп-конуу жана чабандардын 1-октябрга чейин белгиленип көрүлүшү;
жерлерди трансформациялоо маселеси;
айылдагы таза суу көйгөйү;
көчө жарыктарын оңдоо;
айыл ичиндеги кызыл сызыктарды тактоо маселеси.



