Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX чакырылышынын I кезектүү сессиясынын ТОКТОМУ № 1/1

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX чакырылышынын                      I кезектүү сессиясынын

ТОКТОМУ № 1/1

Жан – Булак айылы                                                                     25-ноябрь    2024– жыл

 

Жан-Булак  айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3 протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, Жан-Булак  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX  чакырылышынын  I кезектүү  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

  1. Эсептөө комиссиясынын Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңештин төрагасынын , орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 25-ноябрындагы №3 протоколу бекитилсин.

 

  1. Катышкан 10 депутаттардын жашыруун жабык шайлоонун негизинде  7(жети) добушуна ээ болгондугун белгилеп, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп Акматов Саматбек Саламатович  шайланды деп таанылсын.
  2. Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары болуп  Арстанбеков Куттуксеийт Арстанбекович  шайлангандыгы белгиленсин.

 

 

Төрайымдык кылуучу                                                                                 Г.Жээнбек кызы

Leave a Reply