Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын
III кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 3/4
Жан-Булак айылы 28-январь 2025-жыл
Жан-Булак айыл аймагындагы турак жай имараттарынын
аянтына салыктык ставкасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 380 беренелерине киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде Жан-Булак айыл аймагындагы турак жай имараттарынын аянтына салыктык ставкаларына өзгөртүү киргизизүү тууралуу айылдык кенешинин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын III кезектүү сессиясы токтом кылат;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 380 беренелерине киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде Жан-Булак айыл аймагындагы турак жай имараттарынын аянтынын салыктык ставкасы 8,41 сом болуп бекитилсин.
- Бекитилген салыктын ставкасы үч жылда бир жолу учурдагы салыктык мезгилдин 1-октябрынан кечиктирбестен кайра карап чыгуу жүргүзүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Боскунчиевге милдеттендирилсин.
Тѳрага С.Акматов
