Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин ⅩⅩⅠⅩ чакырылышынын ⅤII кезектүү сессиясынын ТОКТОМУ №7 /1

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин ⅩⅩⅠⅩ чакырылышынын

ⅤII кезектүү сессиясынын

ТОКТОМУ №7 /1

Жан-Булак айылы                                                                                           16-июль  2025-жыл

Жан-Булак  айылынын калкы үчүн суу керектөөнүн нормаларын  таза  суу пайдаланууга болгон тарифтерин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы «Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» №320 токтому  жана «Эделвейс » муниципалдык ишканасынын билдирүүсүн угуп чыгып жана талкуулап, Жан-Булак  айыл аймагынын айылдык кеңешинин ⅩⅩⅠⅩ чакырылышынын  ⅤII  кезектүү сессиясы  токтом кылат :

  1. Жан-Булак айыл аймагында  таза  суу пайдаланууга болгон экономиикалык негизделген тарифи  1м.куб га болгон тарифи  тɵмɵндɵгүдɵй м.куб ɵлчɵмүндɵ бекитилсин.
Тармак

 

Сумма (сом менен)

(1м.куб га болгон тарифи)

Нарын облустук Монополия бɵлүмү менен макулдашылган негизги баа 17 сом
Сатуу салыгы (5%) 0,85 сом
Пайда салыгы (10%) 1,70 сом
Роялти (5%) 0,85 сом
КНС   (12%) 2,04 сом
Жалпысы 22,44 сом

 

  1. Таза сууга болгон жалпы тариф 1 м.куб үчүн 22,44   (жыйырма эки сом,кырк тɵрт тыйын ) сом өлчөмүндө бекитилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы «Эделвейс » муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Мамбеткуловго  тапшырылсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Жан-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵт башчысы У.Боскунчиевге тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                             С.Акматов

Leave a Reply