Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин ⅩⅩⅠⅩ чакырылышынын ⅠⅩ кезексиз сессиясынын ТОКТОМУ № 9 /3 01-сентябрь 2025-жыл

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин ⅩⅩⅠⅩ чакырылышынын

ⅠⅩ кезексиз  сессиясынын

ТОКТОМУ № 9 /3

01-сентябрь   2025-жыл                                                                                     Жан-Булак айылы

 

 

Жан-Булак айыл аймагына караштуу “Эделвейс ” Муниципиалдык ишканасынын бухгалтердик эсеп жүргүзүү функциясын аутсорсингге өткөрүү жөнүндө

 

 

          Жан-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ   караштуу “Эделвейс ” Муниципиалдык ишканасынын бухгалтердик эсеп жүргүзүү функциясын аутсорсингге өткөрүү жөнүндө сунушун, ошондой эле бухгалтердик эсеп жүргүзүүдө чыгымдарды оптималдаштыруу жана сапатын жогорулатуу зарылдыгын карап чыгып, талкуулап Жан-Булак айылдык Кенешинин XXIX чакырылышынын ⅠⅩ кезексиз  сессиясы  токтом кылат:

 

 

  1. “Эделвейс ”Муниципиалдык ишкананын бухгалтердик эсеп жүргүзүү функциясын 2025-жылдын 1-октябрынан баштап аутсорсинг негизинде өткөрүлсүн.

 

 

  1. Кызмат көрсөтүүчү уюмду тандоо мыйзамда белгиленген тартипте тендер/конкурс аркылуу жүргүзүлсүн.

 

 

  1. Аутсорсинг кызматын көрсөтүүчү уюм менен келишим түзүүдө каржылык отчеттуулуктун тактыгын жана жоопкерчиликти камсыз кылуучу талаптар милдеттүү түрдө каралсын.

 

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айыл ɵкмɵтүнүн башчысына тапшырылсын жана жыл сайын жергиликтүү кеңешке маалымат берип турсун.

 

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жер,муниципалдык менчик,   архитектура, курулуш, транспорт жана экология  маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

  Төраганын орун басары                                                                К.Арстанбеков

Leave a Reply