Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин ⅩⅩⅠⅩ чакырылышынын
ⅠⅩ кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ № 9 /4
2025-жылдын 1-сентябры Жан-Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби жөнүндө Жобосун бекитүү боюнча
Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кайрылуу катын карап жана талкуулап, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын ⅠⅩ кезексиз сессиясы токтом кылат :
- Жан-Булак айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби жөнүндө Жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби тууралуу Жобонун аткарылышын жана ирээтке келтирүү жагы Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн көзөмөлдөөчү комиссиясына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлү, веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Токторалиевге жүктөлсүн.
Тɵраганын орун басары К.Арстанбеков
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын IX кезексиз сессиясынын 2025-жылдын 1-сентябрындагы №9/4 токтому менен бекитилди 1-тиркеме
Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагында калктын тынчтыгын
жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби жөнүндө
ЖОБОСУ
- Жалпы Жоболор;
- Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби;
- Жобонун талаптарынын жайылтылбашы;
- Жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголууга тийиш болгон объекттер (жайлар) жана аймактар;
- Калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу чаралары;
- Жан-Булак айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби тууралуу Жобонун аткарылышын ирээтке келтирүү, көзөмөлдөөчу комиссиялар жана кызмат адамдары
- Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
- Жалпы Жоболор
- Аталган Жобо Жан-Булак айыл аймагынын бардык аймактарында Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын аткарылышын камсыз кылууга багытталат жана айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартибин белгилейт, калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
- Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби, аткаруу тартиби
- Калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби тууралуу Жобо Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан демилгеленет, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан бекитилет, Жобо Кыргыз Республикасынын ченемдик -укуктук актыларынын талабына ылайык өзгөртүлүп, толукталашы мүмкүн жана Жобонун бекитүү тууралуу айылдык кеңештин чечими расмий жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
- Жобону айыл аймагынын айыл тургундары, коммерциялык, коммерциялык эмес жеке жана юридикалык жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
3 . Жобонун талаптары төмөнкүлөргө карата жайылтылбайт:
-укук бузуулардын алдын алууга, авариялардын, табигый кырсыктардын, башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга, адамдардын жеке жана коомдук коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө жана калктын жашоо-тиричилигин камсыздоочу объекттердин иштешине багытталган;
– долбоордук-курулуш документтерине ылайык өндүрүштүк-техникалык шарттарга байланыштуу токтотулушу мүмкүн болбогон иштерди жүргүзүү боюнча;
– тиешелүү конфессиялардын канондук талаптарынын алкагында диний табынууну, анын ичинде азан чакырууну жүзөгө ашырууда;
– массалык коомдук иш-чараларды, анын ичинде расмий, дене тарбия, спорттук, маданий иш-чараларды жана салтанаттарды өткөрүүдө.
- Жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголууга тийиш болгон объекттер (жайлар) жана аймактар.
Айыл аймагында калктын эс алуусун камсыз кылуу максатында тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларга жана аймактарга төмөнкүлөр кирет:
– көп батирлүү үйлөр, мейманканалар, жатаканалар жана жеке турак үйлөргө тийиштүү аймактар;
– жеке турак үйлөрдү куруу зоналары;
– билим берүү жана саламаттык сактоо уюмдарынын жайлары;
- Калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу
Белгиленген убакыт аралыгында корголууга тийиш болгон аймактарда жана жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузуучу аракеттерге төмөнкүлөр кирет:
– телевизорлорду, радиокабылдагычтарды жана башка үндү кайталап чыгаруучу түзүлүштөрдү, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үндү күчөтүүчү түзүлүштөрдү, анын ичинде транспорт каражаттарында, соода объектилеринде (дүкөндөрдө, павильондордо), көңүл ачуучу жана оюн-зоок жайларында (бильярд клубдар, компьютердик жана плейстейшендик клубдар) жана коомдук тамактануу жайларында (сейил бак аянтындагы конок тосуучу жайлар, кафелер, ашканалар) орнотулган түзүлүштөрдү пайдалануу;
– музыкалык аспаптарда ойноо, ышкыруу, ырдоо, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үн менен коштолгон башка аракеттерди жасоо;
– тартип бузуучулар тарабынан иштетилген күзөт сигнализациясынын, транспорт каражаттарынын сигнализациясынын үн чыгаруусун өчүрүү боюнча өз убагында чара көрбөгөндүк, транспорт каражатынын жардамы менен үн сигналдарын зарыл болбосо да пайдалануу же эс алуу учурунда тынчтыкты бузууга алып келген башка ызы-чуу таасирлерин жаратуу;
– пиротехникалык каражаттарды пайдалануу;
– адамдардын эс алуу учурунда тынчтыгын бузууга алып келген эски турак-жайларды атайын техникалардын жардамы менен бузуу иштери, оңдоп-түзөө, жүк түшүрүү-жүктөө, тазалоо жана башка иштердин түрлөрүн жүргүзүү, механикалык каражаттарды жана техникалык түзүлүштөрдү иштетүү;
– белгиленген убакытта корголууга тийиш болгон аймактарда жана жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузууга алып келген башка аракеттер.
– төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбейт:
– жумуш күндөрү – саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
– дем алыш жана майрам күндөрү – саат 22:00дөн 09:00гө чейин.
- Жан-Булак айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби тууралуу Жобонун аткарылышын ирээтке келтирүү, көзөмөлдөөчу комиссиялар жана кызмат адамдары
- 1. Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби тууралуу Жобонун аткарылышын ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар түзүлүп, комиссияны айыл өкмөт башчысы башкарат жана ага жооптуу кызмат адамдары буйрук менен бекитилет жана укук милдеттери аныкталат.
6.2. Түзүлгөн комиссия Кыргыз Республикасынын «Тынтык жөнүндө» мыйзамын жана ушул Жобонун аткарылышын камсыз кылат, белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик орагандар менен өз ара аракеттенет жана кызматташат.
7 . Ушул Жобону бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Бекитилген Жобону бузуу фактысы айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан аныкталат, акт менен таризделет жана укук коргоо органдарына билдирилет.
Жобонун ченемдерин бузгандар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.
Орун басары-жооптуу катчы Г.Маматбаева
