Жан-булак айыл өкмөтү мамлекеттин колдоосу менен эки даана жаңы Хово атайын автоунааларына ээ болду

Бул заманбап техникалар айыл аймактагы чарба иштерин ылдам жана сапаттуу жүргүзүүгө, калкка ар тараптуу кызмат көрсөтүүгө зор мүмкүнчүлүк ачат.
Айыл өкмөтүнүн айтымында, жаңы техникалар инфраструктураны жакшыртуу, жолдорду оңдоо, жүк ташуу жана башка чарбалык иштерди натыйжалуу аткарууга өбөлгө түзөт. Мунун натыйжасында айыл аймактын экономикалык потенциалы жогорулап, элдин турмушу кыйла жакшырмакчы.
Бул кадам мамлекеттин аймактарды өнүктүрүү багытындагы туруктуу саясатынын дагы бир жемиши катары бааланууда.

Leave a Reply