Жан-Булак жана Достук айылдарында 8-март Аялдардын Эл аралык күнүнө карата айымдар арасында спорттук мелдештер болуп өттү. Бул иш чарада Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Боскунчиев Улан Бейшенбекович бул оюндар айымдарды сергек жашоого үндөө, спортко тартуу жана эки айылдын ынтымагын бекемдөөгө өбөлгө болоорун айтып, жалпы командаларга ийгилик калап, иш чараны ачып берди.
Жан-Булак айылында өткөрүлгөн мелдешке жалпы 3 команда, Достук айылында өткөн мекеме аралык мелдешке 4 команда катышты.
Були ш чарага демөөрчүлүк кылган Жан-Булак айылынын Жаштар уюмунун жетекчиси Абдижалил уулу Чогулдур 5000 сом, Эшимбеков Аляскар 2000 сом жана Жумалиев Айбек 2000 сом беришти.
Достук айылынан Замирбеков Канат, Жумабаева Гулайым, Курманбек кызы Ада, Ормокеев Болотбек, Тилекматов Жалынбек, Үрстөмбеков Камчыбек 1000 сомдон беришип, демөөрчү болушту.
Мелдештин женүүчүлөрү жана мыкты оюнчулар айыл өкмөтүнүн грамотасы жана ыраазычылык кат менен сыйланышты.
Жогоруда демөөрчү болгон жарандарга жана спорттук иш чараны уюштурууга көмөк көрсөткөн айылдык кенештин депутаты, аялдар кенешинин мүчөсү Ɵзгөрүшова Айгеримге жана Достук айылындагы курама командага терен ыраазычылык билдирүү менен ишиниздерге ийгилик каалап, ден соолукта болуп, аман болушунуздарга тилектешпиз!!!
Жан-Булак айыл өкмөтү