Нарын районунун прокурорунун айыл аймактарынын жашоочулары менен жолугушу графиги ✅
Прокурордун эл менен жолугушуусу — бул мамлекеттик орган менен коомчулуктун ортосундагы түз байланышты камсыз кылган, мыйзамдуулукту чыңдоого жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган маанилүү иш-чара болуп саналат.
Ал эми, жолугушунун негизги максаттары жарандардын арыз-муктаждыктарын угуу, калктын көйгөйлөрүн, укук бузуулар боюнча даттанууларын түз кабыл алуу жана аларга мыйзам чегинде көмөк көрсөтүү, мыйзамдуулукту камсыздоо, жер-жерлерде мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана укук бузуулардын алдын алуу, элге жаңы кабыл алынган мыйзамдар, алардын укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат берүү.


