УРМАТТУУ АЙЫЛ ТУРГУНДАРЫ!
Кыш мезгилинин жакындап калгандыгына байланыштуу, калкты көмүр менен өз убагында камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Учурда «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан көмүрдү түздөн-түз жеке жарандарга мурдагыдай тартипте сатуу мүмкүнчүлүгү чектелгендигине байланыштуу, Жан-Булак айыл өкмөтү тарабынан Нарын шаарындагы жеке ишкерлер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, айыл тургундарын көмүр менен камсыз кылуу иштери уюштурулууда.
🚛 Көмүрдү айыл тургундарына жеткирүү иштерине «Эдельвейс» муниципалдык ишканасынын атайын техникалары тартылат.
Ушуга байланыштуу көмүр алууну каалаган тургундардан алдын ала 6 500 (алты миң беш жүз) сом төлөп, каттоого турууну суранабыз.
❗️Алдын ала төлөм жүргүзүп, каттоого турган жарандарга көмүрдү жеткирип берүү иштери уюштурулат.
🏠 Кыш мезгилине даярдыкты өз убагында көрүп, көмүргө муктаж болгон тургундардан каттоого кечиктирбей турууну өтүнөбүз.
☎️ Кошумча маалымат алуу жана каттоого туруу үчүн төмөнкү номерлерге байланышыңыздар:
📞 0500 170 555
📞 0700 593 477
Жан-Булак айыл өкмөтү

