КУЛАКТАНДЫРУУ!!!! АЧЫК ЭШИК КҮНҮ ӨТКӨРҮЛӨТ!*
Урматтуу Жан-Булак айыл аймагынын тургундары!!!!
Нарын райондук Социалдык фонд башкармалыгынын адистери тарабынан Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 2025-жылдын 29-октябрындагы №243 Мыйзамына жана «Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө» 2024-жылдын 10-майындагы №84 Мыйзамына ылайык пенсия чектөөдөгү өзгөртүүлөр, пенсиялык камсыздандыруу жана башка социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Ачык эшик күнү өткөрүлөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө жарандарга пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, камсыздандыруу төгүмдөрү, пенсиялык камсыздандыруу боюнча өзгөртүүлөр тууралуу кеңири маалымат берилип, адистер тарабынан жеке суроолорго жооптор берилет.
📅 Өткөрүлүүчү күнү: 8-октябрь 2026-жыл
⏰ Убактысы: 10:00-16:00
📍 Өткөрүлүүчү жери: Жан-Булак айыл өкмөтүнүн имараты, Достук айылынын имараты
Бардык кызыкдар болгон айыл тургундарын Ачык эшик күнүнө активдүү катышууга чакырабыз!
Маалымат алуу жана суроолор боюнча Социалдык фонддун адистерине кайрылсаңыздар болот.
Жан-Булак айыл өкмөтү

