Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын  III кезектүү  сессиясынын      ТОКТОМУ № 3/3

                                  Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын         

                                                                                  III кезектүү  сессиясынын

                                                                                                 ТОКТОМУ № 3/3

13-апрель   2026-жыл                                                                                                                  Жан-Булак айылы          

Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылына муравейник алуу боюнча долбоорун жактыруу жана акча каражатын кароо  жөнүндө

 

      Жан-Булак  айыл аймагынын  айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдѳ Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “Лабо” маркасындагы муравейник алуу   боюнча долбоорун жактыруу  жана акча каражатын кароо максатында жана айыл тургундарынын  2026-жылдын  9-апрелиндеги    элдик жыйындын №03 протоколунун  негизинде   Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын   III кезектүү   сессиясы токтом кылат:

  1. «ЖДКЖ» долбоорунун алкагында кызматты жакшыртууга багытталган долбоорго, жалпы наркы 150 000 (жүз элүү мин ) сомду түзгѳн Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылына муравейник  алуу  боюнча долбоору бир добуштан жактырылып, бекитилсин.
  2. Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылына “Лабо” маркасындагы муравейник алуу  боюнча долбооруна  жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым катары 37 500 (отуз жети мин беш жүз) сом акча каражаты артыкчылыктуу негизде бөлүнүп берилсин.
  3. Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ  жагы айыл өкмөт башчысы К.Токторалиевге милдеттендирилсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жан-Булак айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым                                                                                                           А.Өзгөрүшова

 

Leave a Reply