Бугун 3-октябрь күнү Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө АРИСтин АИД-3 КК долбоору тарабынан атайын таштанды чыгаруу үчүн техника тапшырылды. Долбоордун жалпы наркы 33 000$ түзгөн жана бөлүнгөн акча каражатка КР Сатып алуулар Мыйзамдарына ылайык конкурс жарыяланган, конкурстун жыйынтыгында ОсОО “Кыргыз Триумф” фирмасы женүүчү деп табылган. Аталган фирма үч тараптуу келишимдин негизинде Кытай өндүрүшүнөн чыгарылган 1204-үлгүсүндөгү атайын таштанды чыгаруучу техника (трактор) алынып келинген.Алынган техника айылдын өнүгүшүнө жана инфраструктурасынын жакшырышына өбөлгө болот.
“Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо (COVID-19га чара көрүү боюнча)” долбоору эң ийгиликтүү долбоорлорунун бири болуп саналат. Долбоордун максаты: биргелешкен катышууну өнүктүрүү багытында жергиликтүү потенциалды жогорулатуу. Долбоордун процесстери COVID-19 шарттарына ылайыкташтырылган жана кошумча каржылоо долбоору коомчулукту мобилизациялоону тереңдетүүгө, коомчулуктун туруктуулугун жогорулатууга жана мониторинг системасын чыңдоого мүмкүндүк берет.