АЙЫЛ ТУРГУНДАРЫН КӨМҮР МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

АЙЫЛ ТУРГУНДАРЫН КӨМҮР МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

Күз-кыш мезгилине карата айыл тургундарын көмүр менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, калкка көмүр жеткирүү иштери улантылууда.

Учурда Жан-Булак жана Достук айылдарынын тургундары үчүн көмүр жеткирилип, кышкы отунга болгон муктаждыктарын камсыз кылуу багытында иштер аткарылууда.

📍 Жан-Булак айылы — 196,25 тонна көмүр
📍 Достук айылы — 380,0 тонна көмүр

Жалпысынан аталган эки айылга 576,25 тонна көмүр жеткирилип, айыл тургундарынын кышкы отунга болгон керектөөсүн камсыз кылууга шарт түзүлүүдө.

Көмүрдү калкка өз убагында жеткирүү, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иштер мындан ары да улантылат.

Элибиздин кыш мезгилин жылуу жана ыңгайлуу өткөрүүсү — негизги максаттардын бири. Бул багытта тиешелүү кызматтар тарабынан зарыл болгон иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

🤝 Элдин камын көрүү — башкы милдет!

 

Leave a Reply