МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫНА КАРАТА МАЗМУНДУУ СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ
6-октябрь — Мугалимдердин кесиптик майрамына карата Жан-Булак айыл өкмөтүнүн демилгеси жана колдоосу менен билим берүү тармагына арналган өзгөчө маанилүү семинар өткөрүлдү.
Иш-чарага атайын айыл өкмөтү тарабынан чакырылып, Гапыр Мадаминовдун шакирти, тажрыйбалуу педагог Жыргалбек уулу Эрлан келип, окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер үчүн өзүнчө багытта мазмундуу семинарларды өткөрдү.
Семинардын негизги өзөгүн балдарды китеп окууга кызыктыруу, билимге болгон умтулуусун күчөтүү, мугалимдин эмгегин баалоо жана мугалимге болгон сый-урматты арттыруу маселелери түздү.
Окуучулар үчүн өткөрүлгөн семинарда китеп окуунун адамдын ой жүгүртүүсүн жана дүйнө таанымын кеңейтүүдөгү орду тууралуу маанилүү кеңештер берилип, окуучуларды изденүүгө, билим алууга жана өзүн өнүктүрүүгө үндөдү.
Ата-энелер жана мугалимдер үчүн өткөрүлгөн жолугушууда бала менен туура мамиле түзүү, ата-эне менен мугалимдин биргелешкен аракетинин мааниси, баланын тарбиясы жана келечеги тууралуу пайдалуу ойлор айтылды.
Семинар катышуучулар тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынып, тажрыйба алмашууга, пикир бөлүшүүгө жана жаңы көз караштарды калыптандырууга шарт түздү.
Жан-Булак айыл өкмөтү тарабынан семинарды жогорку деңгээлде өткөрүп, мугалимдерге, ата-энелерге жана окуучуларга баалуу кеңештерин бөлүшкөндүгү үчүн Жыргалбек уулу Эрланга Ыраазычылык кат тапшырылды.
Ошондой эле Мугалимдердин кесиптик майрамына карата айыл өкмөтү тарабынан А. Жутакеев атындагы жана Достук жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдерине, ошондой эле «Умсунай-Апа» жана Достук мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине үзүрлүү жана ак эмгеги үчүн Ардак грамоталар тапшырылды.
Мугалим — билимдин гана эмес, адамдык сапаттардын, тарбиянын жана келечекке болгон ишенимдин жол көрсөтүүчүсү.
Жан-Булак айыл өкмөтү билим берүү тармагында эмгектенип жаткан бардык мугалимдерге жана тарбиячыларга терең ыраазычылык билдирип, кесиптик майрамы менен куттуктайт!
Билимдүү муун — өлкөнүн жаркын келечеги






