Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын
XV кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 15/2
18-декабрь 2025-жыл Жан-Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан “Жылдыз” балдар бакчасына күн панелдерин алуу боюнча долбоорун бекитүү жана акча каражатын кароо жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдѳ Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан “Жылдыз” балдар бакчасына күн панелдерин алуу боюнча долбоорун жактыруу максатында жана айыл тургундарынын 2025-жылдын 18-декабрындагы элдик жыйындын №11 протоколунун негизинде Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын XV кезектүү сессиясы токтом кылат:
- Нарын облустук Тенир-Тоо Ѳнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жобосуна ылайык, Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан “Жылдыз” балдар бакчасына күн панелдерин алуу боюнча , жалпы наркы 2 650 000 (эки миллион алты жүз элүү мин ) сомдук долбоору бекитилсин.
- Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан “Жылдыз” балдар бакчасына күн панелдерин алуу боюнча долбооруна жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым катары 265 000 (эки жүз алтымыш беш мин) сом акча каражаты артыкчылыктуу негизде бөлүнүп берилсин.
- Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл өкмөт башчысы К.Токторалиевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жан-Булак айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым А.Өзгөрүшова
