Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын XIV кезексиз сессиясынын ТОКТОМУ № 14/1

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын

XIV кезексиз сессиясынын

ТОКТОМУ № 14/1

14-декабрь 2025-жыл                                                                                                                             Жан-Булак айылы

 

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь  2025-жылдагы  № 3/2  «2025-жылдын башына карата калган акча каражатын пайдалануу» жѳнүндѳ токтомдоруна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык  Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь  2025-жылдагы  № 3/2  «2025-жылдын башына карата калган акча каражатын пайдалануу» жѳнүндѳ токтомдоруна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ айыл ѳкмѳт башчысы К. М. Токторалиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын          кезексиз сессиясы токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь  2025-жылдагы    № 3/2  «2025-жылдын башына карата калган акча каражатын пайдалануу» жѳнүндѳ токтомдору менен бекитилген сметада башка чыгымдарга  деп каралган 247300 (эки жүз жыйырма жети мин үч жүз) сом тѳмѳндѳгүлѳргѳ жылдырылсын.
  • АУПка Жан-Булак айылынын кире беришиндеги арканын жарыктандыруусуна 70000 (жетимиш мин)сом акча каражаты жылдырылсын.
  • Жан-Булак айылындагы Ж. Ишеналиев атындагы клубунун жылытуу системасын жакшыртууга атайын электр тогу менен жылытуучу, электр энергиясын үнѳмдѳѳчү жылыткычтарды алууга 92000 (токсон эки мин) сом жылдырылсын.
  • Жан-Булак айылындагы А. Жутакеев орто мектебинин ѳрткѳ каршы сигнализациясын орнотууга кошумча 85300 (сексен беш мин үч жүз) сом жылдырылсын.
  1. Токтомдун ишке ашырылышын камсыз кылуу жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн бѳлүм башчысы Казыбек кызы Анарага милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Токторалиевге милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрайым                                                                                                                        А. Ѳзгѳрүшова

Leave a Reply