Жан-Булак  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын     XIII кезексиз  сессиясынын             ТОКТОМУ № 13/5         

       Жан-Булак  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын     XIII кезексиз  сессиясынын

                                                         ТОКТОМУ № 13/5                                                                           

11-ноябрь 2025-жыл                                                                                                                 Жан-Булак айылы

 

Жан-Булак  айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2025-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө

 

    Жан-Булак айыл аймагына Жан-Булак айылында  жайгашкан  кичи футболдук аянтчаны ондоп түзөөдөн өткөрүү   максатында  Республикалык дем берүүчү гарнттка сунуштоо жана 30% өздүк салымын бөлүп берүү тууралуу         Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Токторалиевдин билдирүүсүн  угуп жана талкуулап  Жан-Булак айыл аймагынын   айылдык Кенешинин XXIХ  чакырылышынын ХIII  кезексиз  сессиясы  токтом кылат: 

 

  1. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык, жалпы сметалык наркы 1 481 500 (бир миллион төрт жүз сексен бир мин беш жүз) сомду түзгөн Жан-Булак айыл аймагында жайгашкан кичи футболдук аянтчаны ондоп түзөөдүн өткөрүү боюнча долбоору бир добуштан жактырылсын.

 

  1. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 444 450 (төрт жүз кырк төрт мин төрт жүз элүү ) сом акча каражаты 2025-жылдын бюджетинен артыкчылыктуу негизде бөлүнүп берилсин.

 

  1. Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жагы Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Токторалиевге жана бөлүм башчынын милдетин аткаруучу Чокоева Наргизага   милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрайым

                                        

                                        А.Өзгөрүшова

Leave a Reply