Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын XIII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ № 13/3
11-ноябрь 2025-жыл Жан-Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагынын көрүстөндөрүндө “Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы “Каза болго жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускамасын бекитүү тууралуу № 67-токтомунун тиркемесинде жазылган жобону талкулап, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин ⅩⅩⅠⅩ чакырылышынын ⅩIII кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Жан-Булак айыл аймагындагы көрүстөндөрдө “Каза болго жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартибин бекитүү жөнүндө Жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин
- “Каза болго жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу Жобого ылайык иш алып баруу жагы Жан-Булак айыл өкмөтүнүн Социалдык маселелер бөлүмүнө тапшырылсын.
- Ушул токтом, каттоодон өткөрүлүп, веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Токторалиевге жүктөлсүн.
Төрайым А. Өзгөрүшова
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык
кеңешинин XXIX чакырылышынын
XIII сессиясынын 2025-;жылдын
11-ноябрындагы №13/3 токтомуна
Тиркеме
Нарын районунун Жан- Булак айыл аймагынын көрүстөндөрүндө “Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө»
Жобо
- Жалпы жоболор;
- Көрүстөндөрдү уюштуруу жана каттоо тартиби;
- Көмүү иштерин жүргүзүү тартиби
- Көрүстөндөрдү тейлөө жана санитардык талаптар
- Көрүстөндөргө эстеликтерди курулмаларды орнотуу тартиби
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери
- Көзөмөл жана жоопкерчилик
1. Жалпы жоболор
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 67 токтому менен бекитилген. « Көрүстөндөрдү уюштуруу жана көмүү иштерин жүргүзүу жөнүндө нускаманын» негизинде иштелип чыгып, Жан- Булак айыл аймагында көрүстөндөрдү уюштурунун, каттоонун, пайдалануунун жана көмүү иштерин жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
Жобонун максаты; Жан- Булак айыл аймагында көрүстөндөрдүн абалын жакшыртуу, таза, коопсуз жана санитардык талаптарга ылайык кармоо, көмүү иштеринин мыйзамдуу жана бирдиктүү тартипте жүргүзүлүшүн камсыз кылуу. Бул Жобо Жан-Булак айыл аймагында көрүстөндөрдүн абалын жакшыртуу таза, коопсуз жана санитардык талаптарга ылайык кармоо, көмүү иштеринин мыйзамдуу жана бирдиктүү тартипте жүргүзүлүшүн камсыз кылуу. Бул Жобо Жан-Булак айыл аймагындагы бардык калк жашаган конуштарга, диний уюмдарга, жарандарга, ошондой эле көмүү иштерин мыйзамдуу жана бирдиктүү тартипте жүргүзүлүшүн камсыз кылуу. Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү аймактагы көрүстөндөрдүн мыйзамдуу пайдаланылышын, эсепке алынышын жана жайгашкан жерлеринин так белгиленишин Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер бөлүмү жана айыл чарба бөлүмү камсыз кылат.
Жобонун максаты Жан-Булак айыл аймагында көрүстөндөрдүн абалын жакшыртуу, таза, коопсуз жана санитардык талаптарга ылайык кармоо,
- Көрүстөндөрдү уюштуруу жана каттоо.
Көрүстөндөрдү уюштуруу жана жаңы көрүстөн үчүн жер тилкесин бөлүү маселеси Жан-Булак айылдык кеңешинин чечими менен бекитилет.
Ар бир көрүстөн боюнча атайын журнал жүргүзүлөт, анда жер тилкесинин кадастрдык номери, аянты, жайгашкан жери, пайдалануу максаты жана жооптуу адам көрсөтүлөт.
Айыл аймагынын башкы планына ылайык көрүстөндөрдүн планы жана схемасы түзүлөт. Анда көрүстөндүн чеги, кирүү-чыгуу жолдору, көмүлгөндөрдүн катарлары жана бош жерлер белгиленет.
Ар бир көрүстөнгө жооптуу адам дайындалат. Ал көрүстөндүн тазалыгын жана көмүү иштеринин туура жүргүзүлүшүн көзөмөлдөйт.
- Көмүү иштерин жүргүзүү тартиби
– Көмүү иши жергиликтүү салттарга жана диний эрежелерге ылайык, санитардык нормаларды сактоо менен жүргүзүлөт.
– Көмүү аяктагандан кийин журналга маркумдун аты-жөнү, туулган жана каза болгон датасы, көрүстөндүн тилкеси жана катар номери жазылат.
– Көрүстөндөрдө уруксатсыз курулуш иштерин жүргүзүүгө, таштанды төгүүгө, мал жайууга жана автоунаа токтотууга тыюу салынат.
- Көрүстөндөрдү тейлөө жана санитардык талаптар
Жан-Булак айыл өкмөтү жыл сайын көрүстөндөрдүн абалы боюнча инвентаризация жүргүзүп, тазалоо жана санитардык иштерди уюштурат.
– Жаз жана күз мезгилдеринде жалпы тазалоо иш-чаралары өткөрүлүп, чөптөр орулат жана таштандылар чыгарылат.
– Көрүстөндөрдө таштанды чогултуу жайы жана керектүү каражаттар болушу керек.
– Көрүстөндөрдүн кирүү жана чыгуу жерлерине аталышы көрсөтүлгөн маалымат такталары орнотулат.
– Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү жана жарандар көрүстөндөрдү көрктөндүрүү жана сактоо боюнча коомдук комиссиялардын катышуусунда иш алып бара алышат.
- Көрүстөндөгрө эстеликтерди, курулмаларды орнотуу тартиби
Сөөк коюлуучу жайларга, көрүстөндөргө эстеликтерди жана курулмаларды орнотуу тартиби
-Эстеликтерди жана мемориалдык белгилерди ,курулмаларды орнотуу маданий, диний жана этностук салттарды эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
-Маркумдун диний ишенимине, социалдык абалына, этностук таандыгына, жынысына карабастан мраиордон, башка асыл таштардан (алмаз, изумуруд, рубин, сапфир, александрит, табигый бермет, жана башка чийки жана иштетилген түрдө ) жасалган эстеликтерди , монументтерди, айкелдерди ,мүрзө таштарын, ошондой эле тосмолорду жана ушул материалдардын айкалышынан тургузуу жана орнотуу сунушталбайт
– Мүрзөгө коюлучу эстеликтердин бийиктиги 0.70 метрден (70сантиметр) ашпоого тийиш.
– өтө зарыл болбосо, мүрзөгө тосмо коюу сунушталбайт, Бирок зарылчылык болсо, ысырапкерчиликке жана ашыкча коромжулукка жол бербестен жыгач материалдардан же башка бузулбас материалдардан жөнөкөй тосмо коюу сунушталат.
– эстеликтеги жазуулар маркумдун аты-жөнү, туулган жана каза болгон датасы көсөтүлгөн даана шрифт менен жазылууга тийиш. Маркумдун диний ишенимине ылайык келген эпитафиялык жана диний символдорду жазууга жол берилет.
– Коомдук адеп-ахлак ченемдерине жана тарипке карама каршы келген элементтерди камтыган эскерүү белгилерди пайдаланууга тыюу салынат
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери
Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн милдеттери төмөнкүлөр:
– көрүстөндөрдү уюштуруу жана каттоо иштерин жүргүзүү;
– көрүстөндөрдүн картасын түзүү жана жаңыртуу;
– көмүү иштерине уруксат берүү жана журнал жүргүзүү;
– тазалоо, көрктөндүрүү жана санитардык иштерди уюштуруу;
– калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
– көзөмөл жүргүзүү жана мыйзам бузгандарга чара көрүү.
– Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү санитардык көзөмөл органдары жана дин өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барат.
7. Жоопкерчилик жана көзөмөл
Бул Жобонун талаптарын бузган жарандар жана жооптуу кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Көрүстөндөрдүн абалы жана көмүү иштеринин мыйзамдуулугу үчүн Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү жооптуу болуп саналат.
Көрүстөндөрдүн абалы боюнча маалымат жыл сайын айылдык кеңешке сунушталып, коомдук угууга коюлат.
Орун басар- жооптуу катчы Г. Маматбаева
